Бүгүн, 9-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Экологияга келтирилген залалдар боюнча Кыргыз Республикасы “Центерранын” үстүнөн эл аралык сотко кайрылса, утуп чыгууга мүмкүнчүлүгү барбы? SUPER.KG порталы ушул суроо менен саясатчыларга, мамлекетте ушул тармакта иштегендерге кайрылып, ынанымдуу жооп уга албады. Парламент депутаты Осмонбек Артыкбаев канадалык компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоого милдеттүү экенин айтып: “Кумтөр” маселеси сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек, эл аралык соттон утуп чыгууга Кыргыз Республикасынын мүмкүнчүлүгү канчалык экенин айтуу кыйын”, - дейт.
"Центерра" компаниясы "Кумтөр" долбооруна байланышкан талаштар боюнча арбитраждык сотко доо арыз бергенин 2016-жылдын 6-июнунда кабарлаган. Компания экологиялык мыйзам бузуулар боюнча 6,7 миллиард сом айып төлөөгө макул эмес. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын “Кумтөр” тарабынан “Центерранын” пайдасына 2013-жылдын декабрында төлөнгөн 200 миллион доллар дивидендди кайтаруу талабына жана бир катар уруксат кагаздарын кыргыз өкмөтү кечиктирип жатканына нааразы.
Экологиялык маселелер боюнча эл аралык арбитраждан утуп чыгууга мамлекетибиздин канчалык мүмкүнчүлүгү бардыгы тууралуу пикирин айтуудан учурунда “Кыргыз алтынды” жетектеген Токон Мамытов, депутаттар Мыктыбек Абдылдаев, Дастан Бекешев, Кожобек Рыспаев карманышты. Баары “ушул маселе боюнча пикир билдирбей эле турайын” деген позицияда. Бул иште кыргыз тараптын таламын талашып жүргөндөрдүн бири Өмүрбек Текебаев: “Кумтөр” маселесин мамлекетибиздин пайдасына чечүүнүн бир гана жолу бар. Ал үчүн президент, өкмөт, парламент, милиция, сот, прокуратура, атүгүл кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү да бир муштумдай биригип, бир максатты көздөшү керек”, - дейт. Ал биримдик азырынча кыргыз коомунан көрүнө элек, түрдүү позициялар “Центеррага” жетпей эле чабышып, өкмөткө дымак берүүчүлөр чыкпай жатат.
Жума күнкү тыныгууну узартуу аракетинен улам чыккан чуудан кийин президент Алмазбек Атамбаев өлкө элинин ынтымагын бекемдөө иштеринен кабар алды. Мамлекет башчы бүгүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин жетекчиси Бакыт Рыспаевди кабыл алып, көп улуттуу өлкөнүн жарандарынын ынтымагын бекемдөө мамлекет үчүн абдан маанилүү экенин айтты. Кыргыз жеринде түрдүү этникалык коомчулуктардын биргелешип ынтымакта жашоосунда бай тажрыйба топтолгонун, ар бир жарандын жана бүтүндөй өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн этностор аралык жылуу мамилени сактоо боюнча бардык аракетти көрүү зарыл экенин белгиледи.
Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин мүчөлөрү болгон 6 депутат менен Чубак ажы Жалилов жана анын колдоочулары ортосундагы тиреш учурда өлкөдө жашаган этностор арасын эмес, кыргыздын өзүн эки жээкке бөлүп, дин боюнча абалдын канчалык курч экенин көрсөттү. Ачык опузаны камтыган чакырыгы үчүн бүгүн УКМК мурунку муфтийге эскертүү берди.
Түгөйлөрдүн расмий каттоодон өтпөй туруп молдолорго нике кыйдыруусуна тыюу салчу мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин жыйынында кайрадан добушка коюлуп, 1-окуудан өттү. Мыйзам долбооруна 69 депутат макул болсо, 30 депутат каршы добуш берди. Мурунку жолу добушка коюлганда 44 депутат колдоп, 61 депутат каршы чыккан эле. Эл өкүлдөрүнүн бул мыйзам долбоорун өткөрбөй коюусу жарандык активисттер тарабынан кескин сынга алынып, ЖМКлар талкууга алган негизги темага айланган болчу. 2 аптанын ичинде парламентте атмосфера өзгөрүп, мыйзам долбоорунун бүгүн 1-окуудан өтүшү коомдук пикирдин, коомдук талкуунун кичинекей жеңиши болду.
13-июндан Бишкек-Жалал-Абад аба каттамы кайрадан ишке кирет. Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек аба каттамы аптанын дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү ишке ашырылат.
Каттамдын ачылышы менен жалал-абаддык тургундардын борборго каттоо түйшүгү жеңилдегени турат. Буга чейин Бишкек шаарына автоунаа менен каттап же Ош шаарына барып учакка отурушкандар эми 1 сааттын ичинде борбор шаарга жете алышат. Туристтик сезондо Ысык-Көлгө барып-келгенге да жакшы. Республика аймактарынын байланышын бекемдөө максатында президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу курулууда. Бул жол ишке берилсе, түштүк аймагынын тургундарынын Нарын, Ысык-Көлгө, ал эми Нарын, Ысык-Көлдүн жашоочуларынын Ош, Жалал-Абад, Баткенге каттоо түйшүгү эки эсе жеңилдейт. Бир өлкөдө туруп бири-биринин жерин көрө элек кыргыздардын байланышы бекемделет...