Алмазбек Атамбаев: "Кыргыз мамлекетинде ар ким өз ой-пикирин ачык айтууга укуктуу, бирок диний ишмерлердин саясатка кийлигишүүсүнө жол берүүгө болбойт"

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевди, муфтий Максатбек ажы Токтомушевди, Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов, блоггер Алия Суранова жана көз карандысыз эксперт Нурлан Исмаиловду кабыл алды. Президент алар менен жума намазын окуу менен милдеттендирилген түшкү тыныгууну узартуу максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгесин талкуулады. Аталган демилгеге байланыштуу талаш талкуулардын опурталдуу мүнөзүнө кабатыр болуп жатышканын билдиришти. Алар мындай демилгелер коомду жикке бөлө турган карама-каршылыктарга алып келерин белгилешти.

Президент өлкөдө диний эркиндик үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн белгиледи. “Мусулмандар башка диндердин өкүлдөрү сыяктуу эле динди эркин тутуна алышат. Жума намазга катышууга тоскоолдук кылуу боюнча нааразы болгон бир дагы кайрылуу жок. Ошол эле учурда бардык мамлекеттик жана жеке менчик ишканалардын жетекчилери дин тутуу эркиндигин сактап, жарандардын ибадат кылуусун камсыздап бериши керек. Эгерде мындай маселелер болсо, өкмөт жана жергиликтүү бийлик органдары чечип бериши керек”, - деп белгиледи президент.

"Бирок бардык иште аша чапкандык жарабайт. Диний догмаларды сокурлук менен ээрчүүнүн арты айрым араб өлкөлөрүн кандай кесепеттерге алып келгенин көрүп жатабыз. Мындай чакырыктар түптүз ИГИЛге жол ачат. Бай тарыхый мурасы, маданияты жана салттары бар кыргыздар сырттан таңууланган жашоо образын, дүйнө таанымды ээрчип, мурасыбызды унутуп, маңкурт болууга акыбыз жок. Диний чөйрөдө таңуулоолор жол берилгис, бирок одоно тыюу салуулар да жакшылыкка алып келбейт", - деди Атамбаев.

"Биздин мамлекеттин светтик мүнөзүнүн конституциялык принцибин бузуу жол берилгис деп эсептейм. Кыргыз мамлекетинде ар ким өз ой-пикирин ачык айтууга укуктуу, бирок диний ишмерлердин саясатка кийлигишүүсүнө жол берүүгө болбойт. Акыркы демилгеге байланыштуу талкуулар маалында сезимди козгогон диний чакырыктар айрыкча ыйык Орозо айында жол берилгис", - деди Алмазбек Атамбаев.

Ошону менен катар президент бул демилгеге байланыштуу талкуулар өлкө тагдырына кайдыгер карабаган, мамлекеттин светтик принцибин жактаган адамдардын саны көп экенин көргөзгөнүн белгиледи.

Жума намаз маселеси коомчулукта кызуу талкууга алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан