Бүткүл дүйнөгө таанымал Америка Кошмо Штаттарындагы "Эркиндик" статуясы аталган штаттардын белгиси болуп келет. Кызыгы, бул статуя Америка континентинде жайгашканы менен, франциялыктар тарабынан жасалган. Аны Париж шаарында франциялык скульптор Фредерик Огюст Бартольди жасаган. Алгач скульптор Суэц каналына "Азия жарыгы" аталышындагы колунда шам кармап турган аял кишинин келбетиндеги жарык берүүчү мунара коюуну көздөгөн. Мунара деңиздегилерге жол көрсөтүү үчүн коюлмак, бирок мунараны Франциядан ташып келүү өтө кымбат болгондуктан, Египет бийлиги скульптордун сунушунан баш тарткан.
"Эркиндик" статуясын жасоо идеясы 1865-жылы академик Эдуард де Лабулэге таандык. АКШдагы жарандык согуш түндүктүктөрдүн жеңиши менен аяктаганы академикти шыктандырып, ал өлкөдөгү мамлекеттик түзүлүш бүткүл дүйнөгө үлгү болоруна ишенген. Эдуард де Лабулэ статуяны жасоо сунушу менен Фредерик Огюст Бартольдиге кайрылган. Скульптор "Азия жарыгына" колдонгон эскиздик долбоорун колдонуп "Эркиндик" статуясын жасаган.
Көп адамдар бул статуянын чыныгы аталышы "Дүйнөнү жарыктандырган эркиндик" экенин биле беришпейт.
Статуяны жасоо маалында Бартольди франциялык сүрөтчү Делакруанын "Элди ээрчиткен эркиндик" аттуу сүрөтүнө көп кайрылган.
Ал эми статуя кимдин образынан алынгандыгы тууралуу эки вариант айтылып келет. Бири "Бартольди өзүнүн апасынын келбетин түшүргөн" десе, экинчилери "Изабелла Бойер аттуу франциялык жесир аялдын жүзү колдонулган" дешет.
"Эркиндик" статуясына өз салымын атактуу Эйфель мунарасынын автору, инженер Густав Эйфель да кошкон. Ал статуянын ички конструкциясын жасаган. Шамал болгон учурларда "Эркиндик" 7,6 сантиметрге, ал эми колунун бөлүгү 12,7 сантиметрге термелет, бирок мыкты конструктордун эмгегинин арты менен статуя өз ордунда бекем турат.
Франциялыктар менен америкалыктардын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында статуя франциялыктар, ал орнотула турган пьедестал америкалыктардын эсебинен курулмай болгон. Бирок эки тарапта тең каражат жетишпегендиги байкалган. Ар кандай кайрымдуулук иш-чаралары уюштурулуп, лотереялар ойнотулуп, франциялыктар жетиштүү каражатты чогулта алышкан. Ал эми Америкада статуяны орнотууга каршы чыккандар да болгон.
Алардын оюнда статуя жарандык согуштагы чыныгы баатырлардын образы менен жасалышы керек болчу. Мындан тышкары өлкө мынчалык ири масштабдагы долбоорду каржылай албайт деген ойдо болушкан.
Ага карабастан, 1883-жылы пьедесталды куруу иштери башталган.
Бартольди статуяны жайгаштыруу үчүн АКШдагы Бедлоу аралын көздөп койгон. Ошол кездеги АКШнын президенти Улисс Грант өзүнүн акыркы иш күнүндө статуяны аталган аралга жайгаштырууга уруксат берген.
1878-жылы "Эркиндиктин" башынын бөлүгү бүткөндө Париждеги Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө коюлган. Скульптор статуяны толугу менен Парижде чогултуп, анын кемчиликтерин оңдоп, АКШга ташуу үчүн аны кайрадан 350 бөлүккө бөлүп 214 кутуга салган.
1885-жылы 17-июнда "Эркиндик" статуясы АКШга алынып келинген. Аны алып келген кемени он миңдей адам тосуп алган. Дал ошол убакта каражат чогултуу өзгөчө күч менен башталып, бир жылдан кийин пьедесталдын курулушу аяктап, статуя чогултула башталган.
1886-жылы 28-октябрда Манхэттендин көчөлөрүндө парад орун алып, ошол кездеги АКШнын президенти Гровер Кливленд Франциянын желеги менен жабылган статуяны салтанаттуу түрдө ачкан.
Сейрек кездешүүчү сүрөттөр топтомундагы "Эркиндик" статуясы. Статуянын факел бөлүгүндөгү балкондон тартылган. Ал жакка чыгууга 1916-жылдан баштап тыюу салынган.
Статуянын бийиктиги 46 метрди түзөт, ал эми пьедесталдын бийиктиги 47 метрдей. Жезден жасалган статуя орнотулган соң 20 жылдан кийин эле патина (жездин үстүндөгү катмар) менен капталып калган. Аны тазалоого ар кандай сунуштар болгону менен, даттан сактоо үчүн тазалабоо чечими чыгарылган. Калыңдыгы 2,57 миллиметр болгон катмар аны жашыл түскө боёп турат. Статуянын таажысына чыгуу үчүн жылына 3 миллиондон ашуун конок 356 тепкичти басып өтөт.