"2-июнда бычактан бир нече жерине жаракат алып ооруканада жаткан келин кооптонуп, күйөөсүнө катуу жаза берилиши керектигин айтууда", - деп кайрылды окурман 11-июнда SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу. "Учурда жаракат алган келин Ноокатта ооруканада жатат, абалы жакшы. Күйөөсүнө катуу жаза берилбесе, кийин тынчтык бербейт деп кооптонуп жатат. Колунда ымыркайы бар экен", - деди ал.
ИИМдин маалыматына ылайык, окуя 2-июнь күнү саат 20:50 чамасында Ноокат районунда болгон. Анда 1985-жылы туулган Х.У. аттуу жаран ажырашып кеткен келинчегинин үйүнө барып, ал жерде келинчегин жана кайненесин бычактап салганы кабарланган. Кайненеси алган жаракатынан улам ооруканадан каза болгон. Ал эми келин да бычактан бир нече жерине жаракат алган.
Кармалган жаранга кылмыш иши козголуп, камакка алынган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.