“Кыргызстанда укук коргоо кызматкерлери УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына жамынып алып, чектен чыгып кетишти”. Мындай билдирүүнү бүгүн, 4-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев айтты. Депутат Баткен гарнизондук аскер сотунун судьясынын пара алып кармалганын мисал келтирди. “Бул окуя боюнча видеотасма көрдүм. Анда кармалган кызматкерди сабап, далилдердин жоктугуна карабай айыпты моюнга алууга мажбурлап жаткандары көрсөтүлгөн. Бул чектен чыккандык. Алар мындай иштерди атайын жасап, адам тагдыры менен ойноп жатышат”,- деди ал.