Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкекте өтө турган ШКУ саммитинин алкагында жолугушууну пландап жатышат. Бул тууралуу Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкарга таянып РИА Новости басылмасы жазды.
Кечээ, 24-августта Кремлде Владимир Путин Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар менен жолугушуу өткөргөн.
"Премьер-министр Нарендра Моди ШКУнун саммитинде сиз менен (ред., Путин) жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатат. Ошондой эле БРИКС саммитине катышууга мүмкүнчүлүк табасыз деп үмүттөнөт", — деген Жайшанкар Кремлде Путин менен болгон жолугушууда.
Белгилей кетсек, Шанхай кызматташтык уюмунун саммити Бишкекте 31-августтан 1-сентябрга чейин өтөт.