"Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 198-чакырымында суу ташкыны жолдогу көпүрөнү алып кетип, каттам токтоп турат", - деп билдирди окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу. Анын айтымында, 10-июнда көпүрөнү суу жараксыз кылып, 12-июнда убактылуу каттам ачылган. "Аны да суу бузуп кетип, кайрадан каттам үзгүлтүккө учурады", - деди ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.