Евро-2016: "Исландиянын футболчулары 90 мүнөт коргонууда ойноп, 1 упайга Европа чемпиону болгондой кубанышты" дейт Криштиану Роналду

15-июнга караган түнү Франциядагы Европа чемпиондугунда Португалия курамасы менен Исландия беттешти. Командалар 1:1 эсебинде тең ойноп, бирден упайга ээ болушту.

Оюн тууралуу Португалия курамасынын капитаны жана лидери Криштиану Роналду ой бөлүшүп, атаандаштын коргонууда ойногонун баса белгиледи.

"Бул оюнда биз жеңип чыгышыбыз керек эле, бирок атаандаш 90 мүнөт бою коргонууда ойноду. Жыйынтыгында алар 2 мүмкүнчүлүктүн биринде гол жаратып, тең чыгууну камсыздашты. Мындай учурда жеңишке жетишүү өтө кыйын. Биз 3 упай алышыбыз керек болчу, эми ага кайрылуунун кажети жок. Исландиялыктар Португалия менен тең чыгып, Европа чемпиону болгондой эле кубанышты", - дейт футболчу.

Буга катар футболчу Исландиянын коргонууда ойногону команданын жетишпеген жактары бар экенинен кабар берерин, команда алдына эч кандай максат койбогонун айтып өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
nemo2016
2016-06-15 13:12:56
Эх ранолдо ичин жаман куйуптурго
+2
jugorsk
2016-06-15 13:13:34
Озун кыйын болсон гол киргизбейт белен молодец алар жакшы ойун коргозду
+5
SHAHDAR
2016-06-15 13:16:25
Ошону айтсанар. Ачып бериш керек беле. Молодцы, Исландияны жене албай жатсанар анда билбейм кандай болот. Зато гол киригизип алышты.
+2
Partiner
2016-06-15 13:23:17
Байкуш Ронагул, ичи куйуп кетиптирго. Короче боксёрлердун подружкаларыны артка тартып койдуда Исландия))))
-1
Topcubai
2016-06-15 13:24:17
ушу португалдар 1/8ге чыкпай калабы дейм.
0
tashi62
2016-06-15 13:29:56
Исландия өтө жакшы оюн көрсөттү азаматтар . Калкынын саны миллионго жетпейт экен .
+2
Futuro
2016-06-15 13:56:56
Улуттук курам менен ойной албайт да Роналду чайнап берчү Иско, Бейл, Бенземага көнгөн. Көз менен түшүнүшөт.
+8
Futuro
2016-06-15 14:00:41
Исландия биринчи жолу чыгып атса. И то Португалия менен кез келип атса, Машыктыруучу айтты да тиги Роналду деген неме өтүп кетпесин кайтаргыла деп. Ал эми астыга экооң эле ойно бирөө көтөр бирөөң тээп тур деп. Эгер 0-0 болсо деле Исландия ух демек тең тайлаштык деп.
+1
Aigat
2016-06-15 14:07:30
Некрасиво!))
+1
Aigat
2016-06-15 14:09:37
Португалия и сама ничего не добьется.
0
abdul.kg
2016-06-15 14:09:49
Роналдону дүйнө жүзү тааныйт,Дүйнө боюнча ең кыйын футболчу и ошону да жамандап жатасыңарбы..Бул көрө албастык бы ..же силер Роналдодон катуу ойнойсуңарбы
+1
sladkaja_konfetka
2016-06-15 14:48:24
abdul.kg, Роналдунун кыйын фудболчу экенинде соз жок, коро албай жаткан жерибиз жок, биз андан кыйын ойной албайбыз. Кеп анын айткан созундо болуп жатат. Атаандашы менен тен чыгып
алып, максаты жок булардын деп, мурдун чуйруп... Тушундуш?
+2
abdul.kg
2016-06-15 15:03:22
sladkaja_konfetka,аааа...
-1
karash-99
2016-06-15 14:28:53
Партугалиянын оюнчулары бири бирин тушунушпойт экен оюн жакшы болбоду, и ктрк спорттун коментатору Бексултан Ранолдого топ тийген убакта жаман эле колдодуго.
+2
nur123456
2016-06-15 16:04:04
Раналду мойнуна алса болмок жалгыз эч нерсе кыла албайм деп исландия аракет кылды аябай жакшы гол болду
-2
Samina007
2016-06-15 19:04:56
Кристина озунун ылдыйлыгын корсотуп койуптур бул созу менен.evro футбол.ru сайтына кирсенер дуйно жузу жамандап жазып жатышат
0
ali1995
2016-06-16 01:59:36
мактана берет экенда ушу бала!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан