ЭЛДИК КАБАР: Талас облусундагы Манас районунун Покровка айылында "Интернационал жоокерлер" атындагы сейил багы экспонаттар менен толукталууда

Талас облусундагы Манас районунун Покровка айылында "Интернационал жоокерлер" атындагы сейил багы экспонаттар менен толукталууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман бүгүн, 16-июнда билдирди.

"Мындай аталыштагы маанайды көтөргөн чоң сейил бак өлкө боюнча жалгыз окшойт. Бул жерге майрам күндөрү эле эмес, башка убактарда да эл арбын келет. Ооган согушунун ардагерлер уюмунун демилгеси менен ашардык ыкма аркылуу кеңсенин жана музейдин имараты курулуп, эми экспонаттар менен толукталууда. Мындай аракеттер бүт республика боюнча жайылса, өсүп келе жаткан муундарга зор тарбиялык таасир бермек", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан