Бүгүн, 17-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн түзүмүн өзгөртүүнү сунуштады. Министрлер кабинетинин кароосунан кийин сунуш Жогорку Кеңешке кезексиз тартипте кароого жөнөтүлгөнү белгилүү болду.
Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин түзүү, Айыл чарба жана мелиорация министрлигине азык-түлүк өнөр жайын өнүктүрүү боюнча кошумча функцияларды берүү, Мамлекеттик байланыш агенттиги жана өкмөткө караштуу Электрондук башкаруу борборунун базасында Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин түзүү сунушталууда. Мындан тышкары Экономика министрлигин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигин, Мамлекеттик каттоо кызматын, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти кайрадан түзүү жана функцияларын кыскартуу, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттикке жер казынасын пайдаланууну көзөмөлдөө функциясын кошуп берүү пландалып жатат.
Өкмөттүн азыркы түзүмүн парламент 2 ай мурун, 2016-жылдын 13-апрелинде бекиткен. Премьер-министр бул өзгөртүүлөр кызматкерлердин санын көбөйтпөй турганын жана кошумча акча талап кылбай турганын айтууда. Мындай өзгөртүүнүн максаты так айтылган жок, болгону өкмөттүн “Ишеним жана биримдик” программасына жана заман талабына ылайык өзгөртүү киргизүү сунушталып жатканы айтылды. 2015-жылы Энергетика жана өнөр жай министрлиги жоюлуп, анын функциясы Экономика министрлигине берилип, Улуттук энергетикалык холдинг түзүлүп, аталган мекеме энергетиканын бардык жоопкерчилигин моюнга алары айтылган эле. Холдингдин башчысы Айбек Калиев: “Энергетика министрлиги саясий орган болчу, холдинг чарба иштерине өзү аралашкан мекеме”, - деп жакында парламент жыйынында айткан. Өкмөт башчы бүгүн энергетика тармагын жаңы түзүлө турган комитетке тапшырганы жатат. "Өкмөттүк түзүмдү, Жогорку Кеңештин аппаратын, президенттик аппаратты оптималдаштырып, бирин-бири кайталаган бөлүмдөрдү жоюу керек. 6 миллион калктуу кыргыз өлкөсү үчүн учурдагы түзүмдөр ашыкча", - деген сынды оппозицияда жүргөндөр көп айтышат. Бирок иш жүзүндө андай кардиналдуу өзгөртүүлөр ишке ашпай келет. Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөттүн учурдагы сунушунда деле кайсы бир министрликтен кайсы бир функцияны алып, башка органга жүктөө деген гана өзгөрүү көрүнүп турат. Орун алмашуудан сумма өзгөрөбү? Кадрларды бир мекемеден экинчисине которуу менен эмне жыйынтыкка жетүүнү көздөп жатышканы белгисиз. Демилгени парламентте кезексиз кароого сунушталышынын артында эмне сыр жатат? Мамлекеттик түзүмдөгү өзгөрүүлөр парламент комитеттеринен дыкат каралышы зарыл. Жогорку Кеңеш болсо июлдун башында каникулга тарайт...
Бишкек шаарында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Демократияны өнүктүрүү: Шайлоо өнөктүктөрүнүн тажрыйбасы, шайлоо процессиндеги мыйзамдар менен жаңы технологиялардын ролу” деген темада эл аралык конференция өттү. Жыйынга чет элдик делегациялар, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышып, парламентаризмди калыптандыруу боюнча сөз болду.
Кыргыз мамлекети демократиялык-парламенттик багытты тандаган Борбордук Азиядагы жалгыз өлкө. Биринчиден болуп парламенттик башкаруу системине өттү. 2010-жылы Кыргыз Республикасына парламенттик башкаруу ылайык келбесин айтып чыккандар болгон, айрым мүчүлүштүктөрдү жүйө келтиришип азыр да айтып жүрүшөт. Башкысы – кыргыз жеринде демократиянын артыкчылыктарын, эркиндикти сактап калууда өлкө тандаган жолдун жакшы жактарын убакыт тастыктоодо. Алардын бири – мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алууга жарандык коомдун таасир этип жатканы. Коомдогу катуу сындардан кийин парламенттик же өкмөттүк айрым демилгелер убактылуу токтоп же артка чакырылып жатат. Мисалы, чиновниктер үчүн планшет, кресло, килем жана сууда сүзүү кызматтарын сатып алуу аракеттеринин токтотулушуна коомдук пикирдин түз таасири тийди. 2010-жылга чейин мындай элдик көзөмөл кыялдарда гана жашачу.
Кыргыз мамлекети биометрикалык системге өтүүдө. 2015-жылкы парламенттик шайлоо биометрикалык маалыматтын негизинде өтүп, шайлоонун жыйынтыгын көпчүлүк кабыл алды. Бүгүнкү конференцияда Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков да бул темага токтолду. "Мамлекет башчысы, парламент жана өкмөт 2017-жылкы президенттик шайлоону таза өткөрүү үчүн бардык күчүн жумшап жатат. Бул үчүн биометриканын ролу жогору. Жарандардын биометрикалык маалыматтарын туура колдонуу мамлекеттик маселелерди ыкчам чечүүгө да мүмкүнчүлүк берет”, - деди ал.
Демократияны чектен аша пайдаланып жиберүү учурлары да болууда. Динге каршы адамдарды аттарын муфтияттын атайын базасына киргизип, аларга жаназа окубоону сунуштаган экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун окуясын мисал кылууга болот. Мындай билдирүүсүнөн кийин УКМК ага расмий эскертүү берген...
Бишкектин патрулдук милициясы шаардагы жүргүнчү ташыган унаалардын абалын текшерүү үчүн рейд жүргүзүүдө. Патрулдук милициянын тескөөчүсү Жыргалбек Абдыкуловдун айтымында, бир нече рейд уюштурулуп, айдоочуларга коомдук транспорттун абалын жакшыртуу, жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөө талаптары коюлду. Талапка жооп бербеген унаалар боюнча жыл башынан бери 1300 протокол толтурулуп, 97 кичи автобус айып аянтчасына токтотулганына карабай жылыш болбой жатканын айтат тескөөчү.
Бишкектиктер көп даттанган көйгөй – коомдук унаалардын айдоочуларынын мамилеси. Ичинде жүргүнчүсү бар кичи автобустарды көчөдө жарыштыра айдоо фактылары, жол эрежесин одоно бузуу, айдоочулардын орой мамилеси, коомдук унаалардын айынан жол кырсыктарынын болушу борбор шаарда кадимки көрүнүшкө айланган. Мас абалында рулга отургандары да болот, алардын мас экени адатта жол кырсыгына кабылганда гана билинет. Ага чейин “соосуңбу” деп текшерген бирөө-жарым жок. Унаалардын арасынан техникалык, санитардык талаптарга жооп бергени да, бербегени да эл ташуу кызматында жүрөт.
2012-жылы Чүй облусунун аймагында мас айдоочунун айынан кичи автобус Чоң Чүй каналына түшүп кетип, ичинде 3 жүргүнчү жана айдоочу каза болуп калган. 2016-жылдын 25-январында Бишкектин Тынчтык-Айни көчөлөрүнүн кесилишинен жүргүнчү ташыган кичи автобус менен автобус сүзүшүп, 9 адам жабыркаган. Мындай фактылар көп. Рейддер тынымсыз жүрүп, талапка жооп бербеген унаалардын ээлеринин жоопкерчилиги күчөтүлсө абал жакшырмак...