Иштеген адам каза болгондо жакындарына 7189 сом өлчөмүндө расымдык (сөөк коюуга) жөлөк пул берилет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин акчалай жөлөк пул жана социалдык кепилдиктер бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Окоева SUPER.KG порталына кабарлады. Гүлмира Окоева расымдык жөлөк пулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобо менен кененирээк тааныштырып өттү.
Төмөнкүдөй өлчөмдө расымдык жөлөк пул төлөнөт:
"Иштебеген адам кайтыш болгондо 1438 сом өлчөмүндө жөлөк пул бөлүнөт деп жатабыз. Чынында эле кээ бири "аз сумма үчүн чуркап, докуметтерди топтоп жүрөмбү" деп кайрылбай коюшу да мүмкүн. Азыр биздин министрлик жобону карап, расымдык бериле турган жөлөк пулду Каржы министрлиги менен сүйлөшүп көбөйтсөкпү деп жатабыз", - дейт Окоева.
Ошондой эле бул жобо төмөнкүлөргө таркатылбайт:
- Чек ара кызматы, коргоо, улуттук коопсуздук, жазаларды аткаруу, чукул кырдаалдар системдеринин курман болгон аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, баңгизаттарды көзөмөлдөө органынын, Каржы полициясынын, бажы органдарынын кызматкерлерине, буга аталган күч ведомстволордун эркин жалданган адамдары кирбейт;
- Жумуш милдеттерин аткаруу учурунда жаракат алганга, кесиптик ооруга чалдыкканга же ден соолугунун башкача бузулушуна байланыштуу каза болгон кызматкерлер. Эмгек мыйзамына ылайык, жабырлануучунун каза болушуна алып келген зыянга жооптуу иш берүүчү анын сөөгүн коюуга кеткен зарыл чыгымдардын ордун жабууга милдеттүү. Чыгымдардын өлчөмү тараптардын же соттун макулдугу боюнча аныкталат;
- Дайынсыз жок деп таанылган жана сот тараптан каза болгон деп жарыяланган адамдар;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттерди (КМШ) кошо алганда чет өлкөдө жашаган жана иштеп жүргөн Кыргыз Республикасынын каза болгон адамдары, эмгек мигранттары.
Ал эми каза болгон адамдардын сөөгүн коюуга жөлөк пул алуу үчүн төмөнкү документтер керектелет:
- сөөк коюуга жөлөк пул төлөө жөнүндө арыз;
- каза болгондугу жөнүндө маалым кат (түп нускасы) жана турган аймагына карабастан, Жарандык абалды мамлекеттик каттоо актылары (ЗАГС) органы тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- каза болгон адамдын акыркы жашаган жеринен жана анын үй-бүлө курамы жөнүндө маалым кат;
- арыз берүүчүнүн жашаган жерин көрсөтүү менен анын ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү;
- каза болгон адамдын фамилиясын, аты-жөнүн, жашаган жерин жана арыз берүүчүнүн фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен чындыгында сөөктү койгон фактыны тастыктаган расымдык кызмат көрсөтүү агенттигинен же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалым кат.
Чет мамлекеттердин тийиштүү органдары, анын ичинде КМШ катышуучу-мамлекеттер тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө маалым каттар Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн коюуга жөлөк пул төлөө үчүн негиз болуп эсептелбей турганы белгилүү болду.
Расымдык жөлөк пулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы №727-токтому менен бекитилген.