Бишкек шаарынын Чүй-Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак бузулуп, унаа тыгыны пайда болду. Бул тууралуу окурман 20-июнда SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу билдирди. "10 мүнөттөн ашты, турабыз. Жол кыймылын жөнгө салуучулар келе элек", - деди окурман. Маалыматтарга таянсак, шаардын Чүй-Карпинский көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырак да иштебей жатат.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.