Бүгүн, 20-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Орусия менен Түркиянын тиреши Кыргыз Республикасына оң таасирин тийгизиши мүмкүн. Мисалы, туризм багытында. Орусиялык “Forbes” 18-июнда туристтик сезондо Египет жана Түркиянын ордуна башка кайсы мамлекеттерге барып эс алууга болорун жазып, анда Ысык-Көл облусунун Бостери айылын жайкы өргүүнү өткөрүүгө мыкты жерлердин тизмесинде экинчи орунга койду. Макалада Ысык-Көл “кыргыз Байкалы” аталып, тажатма пансионаттарга караганда Бостериде тоого экскурсияга чыгуу, көлдү кеме менен кыдыруу, альпинизм өңдүү туристтердин табитине жараша эс алуунун түрлөрүн табууга болору айтылат.
Түркия менен Орусиянын начар мамилесинен улам быйыл орусиялык туристтердин башка өлкөлөргө, анын катарында кыргыз жерине агылышы күтүлүүдө. Жогорудагыдай макалалар кыргыз табиятын, туристтик мүмкүнчүлүгүн даңазалоого көмөктөшүүдө. Демек, өлкөгө келген саякатчылардын коопсуздугун камсыздоо, алардын мыкты эс алып үйүнө ыраазы болуп кетишине, кийин кайра кайрылып келүүсүнө шарт түзүү милдети турат. Быйыл Ысык-Көлдө туристтик сезон 7-майда ачылган. 17-июнда Бишкек-Балыкчы-Бишкек поезд каттамы ишке кирди. Быйыл 1-июлдан тарта Ош-Тамчы, Алматы-Тамчы аба каттамдары да өз ишин баштаганы жатат.
Ошол эле учурда туристтердин коопсуздугун камсыздоо маселеси күн тартибинде турат. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 18-июнда Ысык-Көл облустук милициясынын абалын текшерип, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, бардык эс алуучуларга сый мамиле жасоо, аларга маалыматтык жана юридикалык жардамдарды көрсөтүү боюнча тапшырмаларды берди. Тапшырма канчалык деңгээлде аткарылары сезон бүткөндө белгилүү болот. 2016-жылы туристтик маалда жарандардын коомдук коопсуздугун камсыздоого өлкө боюнча 2800 милиция кызматкери жана 600 ыктыярдуу кошуун тартылары жарыяланды. Ысык-Көл облусундагы тартипти 550 милиция кызматкери жана ИИМдин атайын өздүк курамынан 150 кызматкер жөнгө салат.
Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2013-жылы өлкөгө 3 миллиондон ашык турист келсе, 2014-жылы 4 миллиондон ашык турист келген. Ал эми 2015-жылы 4,5 миллион саякатчы кыргыз мамлекетинин чек арасын аттаган. Кыргыз жерине келген туристтердин 71 пайызын казакстандыктар, 13 пайызын орусиялыктар түзөт. Быйыл да 4 миллиондон ашуун турист келери күтүлүүдө.
Эл аралык валюта фонду Кыргыз Республикасына 13,4 миллион доллар насыя берет. Фонддун аткаруу кеңеши насыялык механизмди колдонуу жөнүндө 3 жылдык келишимдин алкагында кыргыз өлкөсүнүн экономикалык көрсөткүчтөрүн карап, аталган сумманы бөлүүнү чечкен. Кыргыз мамлекетинин Улуттук банкы жүргүзүп жаткан саясат экономикага пайда алып келип жатканы айтылат маалыматта. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өлкөнүн мамлекеттик тышкы карызынын көлөмү ички дүң продукциясынын (ИДП) 60 пайызынан ашпашы керек. Соңку жылдары тышкы карыз бул чектен ашып кеткендиктен, өкмөт аталган чекти алып салууну сунуштап жатат. Долбоор 2016-жылдын 7-июнунда парламенттин Бюджет жана финансы комитетинен 1-окууда колдоо таап, 16-июнда жалпы жыйында четке кагылды.
Расмий маалыматтар боюнча учурда мамлекеттик карыздын көлөмү 3 миллиард 805 миллион доллар же ИДПнын 68,2 пайызын түзүүдө. Экономика боюнча эксперт Кубанычбек Идинов карыздын көлөмүнүн ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашып кетишинен кооптонууга негиз жок экенин айтат. “Болгону карыздардын жылдык төлөмдөрүн өз убагында жаап турушубуз керек. 2010-жылдан бери өкмөт аларды убагында төлөп келе жатат, бул жакшы көрүнүш. Мындайда карыздын көлөмү 60 эмес, 100 пайызга чыгып кетсе да анчалык коркунучтуу эмес”, - дейт эксперт. Мамлекеттик карыздарды тейлөөгө жыл сайын республикалык бюджеттин 10 пайызы жумшалат.
Карыз берүүчүлөрдүн кыргыз өлкөсүнүн карыздарын кечкен учурлары да бар. 2012-жылдын январында президент Алмазбек Атамбаевдин Түркияга жасаган иш сапарынын алкагында Түркия кыргыз мамлекетинин 51 миллион доллар карызын кечкен. Ушул эле жылы Орусия 489 миллион доллар карызды кечкен.
Андан бери карыз алуулар уланууда. Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 14-апрелинде мамлекеттин карыз алуусуна тоскоолдук жараткан мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюучу мыйзам кабыл алган. Өкмөт өкүлдөрүнүн билдиришинче, 2000-жылы мамлекеттик карыздын көлөмү ички дүң продукцияга карата 130 пайызды түзгөн. Азыркы кырдаал анчалык коркунучтуу эмес. Учурдун маанилүү талабы насыяга алынган акча кайсы бир шылуундардын чөнтөгүнө кирип кетпей, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылуусу кажет.
Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Эмил Токтошев республикабыздын аймагында 2030-жылга чейин аңчылыкка биротоло тыюу салууну сунуштап жатышат. Ал эми өкмөткө караштуу
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги депутаттар сунуштаган мыйзам долбооруна каршы. Агенттик сунуштаган мыйзам долбоору парламент комитетинин кароосуна киргизилген. Ага ылайык, 2017-жылдан тарта өлкөнүн аңчылык аймактарында мергенчилик кылууга кезек-кезеги менен тыюу салынат. Мисалы, 2017-жылдан 2019-жылга чейин Баткен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында, 2020-2022-жылдары Нарын, Ош облустарында, 2023-2025-жылдары Жалал-Абад, Талас облустарында аңчылыкка тыюу салынат. Мекеме алсыздыгын моюнга алып “браконьерликти баары бир тыя албайбыз” деп, буга чейинки Соң-Көлдө балык уулоого таптакыр тыюу салуу аракети өңдүү 2030-жылга чейин аңчылыкка биротоло тыюу салуу аракети деле жыйынтык бербейт деп алдын ала айтып алакан жайышууда.
Аталган агенттиктин жетекчисинин орун басары Эмилбек Умаралиев депутаттар сунуштаган мыйзам долбоору жаратылышты коргоочулардын укугун бузат деген пикирде. “Өлкөдө аңчылык жерлерин пайдалануучулар бар, алар аймактарды 10 жылдык мөөнөткө ижарага алып, тийиштүү тараптар менен келишим түзүшкөн. Көп акча коротушкан, аларды ким төлөп берет? Мындан тышкары мергенчилер коому бар, алардын пикирин да угушубуз керек. Кыргыз жеринде 14,7 миллион гектар аңчылык аймагы бар, аларды 52 мергенчилик чарба көзөмөлдөйт. 41 жеке, 7 коомдук, 2 мамлекеттик. Аңчылык аймактарын 209 егерь көзөмөлдөйт, алардын 53ү гана мамлекеттен каржыланат. Депутаттар сунуштаган мыйзам кабыл алынса, 156 егерь кызматынан кетет. Калган 53 егердин ар бирине 70 миң гектардан аймак тиет, ушуну көзөмөлдөй алабы? Биз ийкемдүү долбоор сунуштап жатабыз. Аңчылыкка биротоло тыюу салуу туура эмес”, - дейт Умаралиев.
Агенттиктин өкүлү мыйзамсыз аңчылык кылгандар негизинен мергенчилер коомунун өкүлдөрү эмес, браконьерлер экенин белгиледи. 2015-жылы Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын кызматкери Искендер Жолдошовдун жана Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаевдин атып өлтүрүлгөн, жарадар болгон тоо текелерди минип алып түшкөн сүрөттөрү коомчулукка жарыяланып, катуу сынга кабылган. Териштирүүнүн жыйынтыгында инспекция кызматкери жоопко тартылбай турганы белгилүү болгон. Аталган мекеме аңчылык мыйзамдуу болгонун коомчулукка жарыялаган. Ал эми прокуратура өкүлү кызматынан төмөндөтүү жазасы менен кутулган. Эми жогоруда аталган агенттик аңчылыкка биротоло тыюу салдырбаганга жан үрөп аракет кылууда. Карышкыр, чөө өңдүү жандыктарга, чарбага түздөн-түз зыян келтирүүчү жаныбарларга тиешелүү маалда аңчылык кылууну калтырып, ансыз да саналуу калган аркар, кийик өңдүү жапайы жандыктарды атууга биротоло тыюу салууга эмне үчүн болбосун? Аталган агенттик, тескерисинче, жоголуп бараткан жапайы жандыктардын ар биринин туягын санап, санын көбөйтүүгө аракет кылуусу керек.