Окурман "Айдоочулар өз балдарынын өмүрүн тобокелге салышууда. Балдарды атайын орундукка отургузушса болбойбу?" деген суроо салып, бүгүн, 21-июнда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына кайрылды.
"Бишкекте айдоочу наристени унаанын алдына отургузуп, терезесин ачып койгон. Мындай көрүнүштү шаардан көп эле байкоого болот. Ата-эне баланын өмүрүн коркунучка кептеп жатат. Кокус кырсык болсо, бала терезеден учуп кетет", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.