ЭЛДИК КАБАР: Ош-Гүлчө жолундагы Кыркол айылында сел жүрүп, тоодон түшкөн майда таштар жолду тосуп калды

20-июнда Ош-Гүлчө жолундагы Кыркол айылында сел жүрүп, тоодон түшкөн майда таштар жолду жаап калды. Бул тууралуу окурман Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, айдоочулар унааларын жол чети менен айдап өтүүгө мажбур болушту. "Буга чейин мындай болчу эмес эле, өзгөчө быйыл мындай көрүнүштөр көп болуп жатат", - дейт окурман.

Маалым болгондой, ошол айылга жетпей жылуу суу курортуна кире бериште да сел жүрүп, 2 сааттан кийин техника келип тазалоо иштерин жүргүзгөн.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
T.Shaiyrbek
2016-06-21 12:45:15
Кудай сактасын
0
Samina007
2016-06-21 12:49:07
Алай Гүлчө атындан айланайын,жериңден кагылайын,жаратканым бөөдө кырсыктан сактай көр,балдарың талаа түздө жүргөндө.Алайыма өзүм жетпей,ойум жетип турганда
+1
urmat-87
2016-06-21 12:49:21
астаафир аллаах өзүмдүн айылымды өзүм интернеттен коруп тан калдым мен корбодум элего бундай селди
+1
Sema87
2016-06-21 16:02:19
Быйылкы жылы жакшы жамгыр коп жаап суу талашсыз болот экен Аллага шугур
0
anu.alfia04
2016-06-21 16:17:53
Кырколдо ошондой уйлор барбы кайсыл жеринде
0
BLATNOI
2016-06-21 16:25:54
1,5,7чи суроттор Кыркол айылы, калган суроттор Жылуу суу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан