Бишкек шаардык кеңешине талапкер партиялардын теледебаттарынын убактысы белгиленди

Бүгүн КТРКда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катыша турган партиялардын арасында теледебат башталмакчы. Коомдук биринчи канал талапкерлердин телетаймашын өткөрүүгө толук түрдө даяр экендигин аталган каналдын башкы директору Кубат Оторбаев билдирди. Дебаттар 13-ноябрдан 22-ноябрга чейин өтөт. Алгачкы катышуучулар "Ак шумкар", "Эгемен Кыргызстан" жана "Столица" партиялары. Дебаттар саат 20:05те башталып, орус жана кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Ар бир дебатка 3 партия катышып, ар бир талапкерге 20 мүнөттөн убакыт берилмекчи. Катышуучуларга өлкөнүн ар кайсы аймагынан видеосуроолор жана интернет колдонуучуларынан суроолор берилет. Жалпы алганда ар бир дебат 1,5 саатка созулат. Дебаттар төмөнкү тизме боюнча жүргүзүлөт: 
13-ноябрь: "Ак шумкар", "Столица", "Эгемен Кыргызстан". 
14-ноябрь: "КРнын транспортчулар партиясы", "Кыргызстан Элдик демократиялык партиясы", "Мекен Ынтымагы". 
15-ноябрь: "Республика", "Биримдик жана өнүгүү", "Кайран эл". 
16-ноябрь: "Ата Мекен", "Адилеттүү Кыргызстан", "Кыргызстан патриоттору". 
19-ноябрь: "За жизнь без барьеров", КСДП, "С.С.С.Р". 
20-ноябрь: "Эркин эл", "Замандаш-Современник", "Бүтүн Кыргызстан". 
21-ноябрь: "Ар-намыс", "Жашылдар партиясы", "Асман Ала-Тоо". 
22-ноябрь: "Ата Журт", "Ак Санат". 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан