КҮНСЕРЕП: "Элдик кабар" Кызыл китепке кирген жандыкты куткарып калды

Бүгүн, 27-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы кабыл алынганына 6 жыл болду. 2010-жылы 27-июнда авторитардык бийликтен, үй-бүлөлүк диктатурадан баш тартууну чечкен кыргыз өлкөсү жалпы элдик референдумда жаңы Баш мыйзамды кабыл алган.

Мурдагы Конституциялардан айырмаланып, учурдагы башкы юридикалык документте бийликтин негизги бутактарынын бирин-бири көзөмөлдөө механизмдери жакшы иштелип чыккан. 2010-жылдагы, 2015-жылдагы парламенттик шайлоолордо бийликчил партиялар менен тең катар оппозициялык партиялар Жогорку Кеңешке келишти. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасында оппозиция саясий аренадан сыртка сүрүлүп чыгып калган жок. Учурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев оппозиция өкүлдөрүнө “бийликке келүүнү көздөсөңөр шайлоого катышкыла, мыйзамдуу жол менен келгиле” деп, андай мүмкүнчүлүк бар экенин дайыма баса белгилеп келет. Борбордук Азияда биринчи ирет президенттик бийлик биринен экинчисине мыйзамдуу жол менен өткөрүлүп берилди. Бийлик мезгил-мезгили менен алмашууда, ал баштагыдай бир гана адамдын уучунда турган жок. Демек, бүгүнкү Конституция өзүнүн милдеттерин аткарып жатат. Кыргыз коомчулугу аны кайсы бир топтун кызыкчылыгы үчүн дагы оңдоо, толуктоолорго туш болуусунан коргоосу зарыл. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев маанисин жоготкон мамлекеттик майрамдарды жоюп, маанилүү, идеологиялык сабак же саясат жүргүзүүгө мүмкүн болгон майрамдарды киргизүүнү сунуштап мыйзам долбоорун алып чыккан. Ал мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш жайкы каникулдан келгенде каралмакчы. Кыргыз жарандарына идеологиялык жактан эч кандай тарбия-таасир бербей калган Улуу Октябрь революциясынын күнүнө караганда мына ушул 27-июнда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүн белгилөө максаттуу жана маанилүү болмок. Ал эми 5-май эгемендүү кыргыз өлкөсүнүн алгачкы Конституциясы кабыл алынган тарыхый дата катары сакталып кала бермек.

БШКнын төрайымы болуп Нуржан Шайлдабекова шайланды. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиянын жаңы курамынын жыйынында Шайлдабекованын талапкерлиги бир добуштан жактырылганын аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Президент тарабынан сунушталган 4, коалициялык көпчүлүк тарабынан сунушталган 4, оппозициялык блоктон сунушталган 4, жалпы 12 адам Кыргыз Республикасында 2017-жылы президенттик, 2020-жылы парламенттик шайлоону өткөрөт.

Бул адамдардын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын алдында тарыхый чоң милдет турат. Жалпы жарандарды биометрикалык ID паспорттор менен камсыз кылуу, жалпы шайлоочулардын электрондук тизмесин толуктап, кынтыксыз түзүп чыгуу жана анын негизинде президенттик шайлоо өткөрүү. Биометрикалык ID паспорттор элге 2016-жылдын жай айларынан тарта берилет деген план болгон. Мамлекеттик каттоо кызматы бул тууралуу көп жолу жарыя кылган. Өткөн аптада “Супер-Инфо” гезитине берген маегинде аталган мекеменин башчысы Тайырбек Сарпашев “жылдын аягынан тарта берилип баштайт” деп билдирди. Учурда биометрикалык паспорттордун кандай жасалары, эмне маалыматты камтый турганы коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынууда. "Күнсереп" рубрикасында бул маселе боюнча дагы сөз болот.

БШКга эч качан “сырттан келген кадр” жетекчилик кылган эмес. Бул жооптуу кызматты бийлик дайыма ишенимдүү адамдарга тапшырат. Жаңыдан шайланган БШК башчысы да бул планда жаңылык эмес. Ал буга чейин президенттик аппарат жетекчисинин орун басары катары иштеп келген. Ушуну менен президенттик аппаратта иштеп келген бешинчи адам өлкө жетекчилигиндеги жооптуу кызматка дайындалды. Учурда УКМКны жетектеп жүргөн Абдил Сегизбаев, башкы прокурор Индира Жолдубаева, Эсептөө палатасынын жетекчиси Улукбек Марипов, АКШдагы Кыргыз Республикасынын элчиси Кадыр Токтогулов да президенттик аппаратта иштеп жүрүп аталган кызматтарга келгендер.

Super.kg порталынын жана жарандык активисттердин аракети менен жоголуп бараткан жандык – мадыл өлүм коркунучунан куткарылды. 1975-жылы жоголуп бараткан жандык катары Кызыл китепке киргизилген мадылдын баласын 4-класстын окуучусу Кочкор районундагы Мадияр жайлоосунан кармап алгандыгы тууралуу кабар Super.kg порталынын окурманы тарабынан белгилүү болду. Порталдын "Элдик кабар" рубрикасына кабар жиберген окурман мадылды окуучу бала иттердин жардамы менен кармап алып жергиликтүү мергенчиге алып келип бергендигин, мергенчи экспонат катары катырып коюу үчүн кичинекей жапайы мышыкты мектептин зоологиялык музейине өткөрүп бермекчи болуп жаткандыгын кабарлады.

Бул кабар журналисттердин, жарандык активисттердин жана табиятты коргоочулардын тынчын алды. Мыйзам боюнча, Кызыл китепке кирген мадылды өлтүргөн адамга 25 000 сом айып пул салынат. Бул акча жоголуп бараткан жандыктардын тукумун коргой албасы анык. Талкуулар жана кайрылуулардан соң мергенчи мадылды коё бергени белгилүү болду.

Жапайы мышыктын жарадар экенин угуп тынчы кеткен НАБУ (Германиянын табиятты коргоо уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалы) уюмунун кызматкерлери атайын Кочкорго барып, жандыкты таап Бишкекке алып келишти. Учурда мадыл ветеринардык адистин көзөмөлүндө. Аны Ысык-Көлдүн Ананьев айылындагы реабилитациялык борборго алып барып, кадимки калыбына келген соң эркиндикке коё берүүнү пландап жатышат.

Кичинекей жапайы мышыкты куткаруу операциясы Кыргыз Республикасында саясат жана күнүмдүк тиричиликтен башка да жалпы адамзаты, табият үчүн маанилүү иштерди ойлой турган адамдар бар экенин көрсөттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан