Кочкор районунун Дөң-Алыш айылынан алыс эмес Мадияр жайлоосунан жергиликтүү чабандар сейрек кездешүүчү мадыл жандыгынын баласын кармап алышты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу билдирди.
"Кой жайып жүргөн 4-класстын окуучусу Эмил уулу Мырзабек чанда кездешүүчү жандыкты көрөр замат ээрчитип жүргөн иттерине кубалаткан. Жаш мадыл таштын коңулуна кире качкан. Мырзабек дароо мойнуна сыйыртмак ыргытып, артына жүргөн жем баштыгына салганга жетишкен. Аны Бекташ Байсалов деген мергенге алып барган. Учурда ал жандык тордо камалып турат.
Бекташ мергенчи мадылды К.Мамбеталиев атындагы орто мектептин зоологиялык музейине тартуу кыларын, сейрек кездешүүчү мындай жандыкты биология мугалими Жанат Кокобаев катырары маалым болду. Кызыгы, бул мадыл боюн жыйрып, көрсөтпөөгө аракет кылат экен. Кадимки мышыкка окшогону менен, маңдайкы 4 тиши чоң келип, куйругунун жоондугу да өзгөчө экен", - дейт окурман.
Маалымат үчүн: Мадыл - мышыктар уруусундагы сүт эмүүчү. Денесинин узундугу 50 сантиметрге жетет, куйругу 21-31 сантиметрди түзөт. Өлкөнүн түндүк аймагында, Ысык-Көл, Чүй, Тянь-Шань тоолорунда: Үзөңгү-Кууш, Сары-Жаз, Ак-Шыйракта жана башка жерлерде өткөн кылымда кенен таралган. Мадыл токойсуз, бадалсыз, ачык жерлерди, тоонун сырттарын, тоо бетиндеги шагыл таштар, аскалардын жаракаларын мекендейт. Бул жандыктын көбүрөөк жолуккан жерлери - кемирүүчүлөрдүн топ-топ болуп жашаган жерлери. Мадыл суур ийининде жашайт. Ал сейрек кездешет, андыктан 1975-жылдан тартып Кызыл китепке киргизилген жана коргоого алынган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.