Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Ринат Рахатбек уулу 30-июнь күнү шаардык аянтта 27 кичи автобусту тиши менен сүйрөп кетти. Бул тууралуу окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу 1-июлда кабарлады. Ринат 30 кичи автобусту тартууга бел байлаган, бирок 3 кичи автобус келбей калгандыгына байланыштуу 27 кичи автобусту 100 метрден ашык аралыкка сүйрөп барган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.