ЭЛДИК КАБАР: "4-класста окуган баламды китебин булгап алганы үчүн Нуриса деген мугалими сабап салыптыр" деди окурман (фото)

SUPER.KG'ге Чаткал районундагы Терек-Сай айылынын тургуну Айчүрөк Аманбаева 2-июлда WhatsApp аркылуу кайрылып, 4-класста окуган баласын мугалими сабап салганын айтып арызданды. Анын айтымында, баласы китебинин бир четин чийип алгандыгы үчүн Нуриса аттуу мугалими мектептин китепканасында уруп, партаны сүздүргөн. Айчүрөк Аманбаева: "Мындай мугалимдердин кереги жок, мектепте иштебеши керек. Милицияга бердик, бирок тоготпой жатат. Башка бийлик органдарына кайрылып, чара көрүшүн талап кылам", - дейт.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (66)
Azizbek.kg8
2016-07-03 04:42:00
Азыр интернет телефон деген балее чыгып чымын учуп отсода даро интернетке жуктошот.Э биз окуп жургондо тэж 1995жылдары мугалимдерибиз сабап эле жатып калчу ,биз деле ата энелерибизге даттанып келбечүк.Азыркылар башкача сабыры жок и дароо жеткирип келишет.Тема боюнча мугалимди да окуучуну да кунолой албайм эки тараптуу караш керек.Мугалим жаман болсун демек беле.
-2
Karataev.kg
2016-07-03 04:42:01
Мугалимдин окуучуларды урганг акысы жок!!!
+3
boston___
2016-07-03 11:38:41
А балким ээри менен жандалдашып келгендир
+1
altunbek78
2016-07-03 13:22:09
Энеси болушчаактын баласы ыйлак, деген макал бар элего, башка чапса жалтанып сузуп алса керек, акыл эси ордунда мугалим бетке урбайт. Азыр мектептерде эркек мугалим жок, эжекелерден тарбия алып коп суйлоп мээни жейт, жон олтур дегенди укпайт, дептер ручкасы жок которгону 5, 6мин сомдук сотка, кулактан катуурак чойсон бир саат суйлонот, кочуко тээпсен ата-энеси менен келет. Биз деле эркек агайларда далай токмок жеп эле окуганбыз, ошон учун сый болгон. Азыр кээ бир мугалимдер заочно бутуп алышып
0
senchi
2016-07-03 15:40:47
altunbek78,эн туура айтасын
0
MAEK
2016-07-03 14:36:56
Мугалимдин акысы жок окуучуну урганга
+2
senchi
2016-07-03 15:42:14
Биз канча таяк жегенбиз, бирок адептуу жургондор таяк жебейт эле.
0
gulsara2682
2016-07-03 16:05:31
Мен мугалиммин.Азыркы учурда балдарды окутуу аябай кыйын. Бир соз айтсан эшикти бир тээп чыгып кетишет,аркасынан ата- энеси жетип келет.
+1
sna_kg
2016-07-04 02:40:15
Бирдеме деп айтыш кыйын жакшылап иликтеп анан айтыш керек,мугалимгеда кыйын азыркы убакта
0
admin_portal
2016-07-04 10:02:20
momun74, жеке айтышуулар купуяга!
0
admin_portal
2016-07-04 10:46:49
Bayjigit83, жеке айтышуулар купуяга!
0
arimle00
2016-07-04 19:25:06
Мен да мугалиммин. Азыркы балдарды мугалим эмес ата эне да башкара албай баратышат. Ата энесине арыздансан эмне кылайын,эмне кылайын,созумду укпайт дер кол куушуруп туруп беришет
0
arimle00
2016-07-04 19:29:50
Ошентип же ата энени ,же мугалимди тоготпой баратышат. Анан эле мугалим бир нерсе десе эле ата энеси жендерин туррунуп келишет
0
simone
2016-07-04 19:31:14
Аман эле болушсун
0
admin_portal
2016-07-06 10:12:05
mishonia8077, кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтыруудан алыс болууну сунуштайбыз!
0
eliza5566
2016-07-28 22:14:14
смартфон утам деп чыгарыптыр да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан