Бүгүн, 28-октябрда Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого талапкер катары катышуу жөнүндө арыз менен БШКга кайрылды. Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясы таратып, арыздарды кабыл алуу 13-ноябрга караган түнү токтотуларын эскертти.
Муну менен Жапыкеев шайлоого катышуу тууралуу арыз жазган үчүнчү талапкер болуп калды. Буга чейин БШКга Азамат Эсенбеков жана Аймен Касенов арыз тапшырган.