Бүгүн, 4-июлда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйынында укук коргоо органдарын реформалоо боюнча бир топ чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу маалымат жыйынында Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров билдирди.
Анын айтымында, реформалар ушул жылдын аягына чейин ишке ашырылмакчы. "Бул реформалар укук коргоо органдарында коррупцияны жоюуга, окшош функцияларды аткарган кызматтарды кыскартууга, кадрларды даярдоо ишин жакшыртууга жана органдардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган. Ошондой эле укук коргоо органдарын реформалоонун максаты - жеке ишкерлерди жана жергиликтүү бийлик органдарын сансыз текшерүүлөрдөн коргоо",- деди Жумакадыров.
Андан соң ар бир орган боюнча токтолуп, кандай өзгөрүүлөр болорун айтты. "Прокуратура органдарынан тергөө функциялары алынып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка берилет. Бирок прокуратура органдарында кылмыш ишин козгоо функциясы калат. Мындай өзгөрүүнүн мааниси - прокуратура өзүнүн салттуу негизги көзөмөлдөө функциясын аткарыш керек", - деди Коргоо кеңешинин катчысы.
"УКМК экономикалык кылмыштар боюнча иш алып барбайт. Мындан тышкары УКМК кылмыш ишин козгобойт. ИИМдин түзүмүндө да өзгөрүүлөр болмокчу. ИИМде 5 жаңы кызмат түзүлөт: коомдук коопсуздук боюнча кызмат, кылмыш милициясы, экстремизм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү боюнча кызмат, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү боюнча кызмат жана ички коопсуздук боюнча кызмат", - деп билдирди Жумакадыров.