Бүгүн, 5-июлда Бишкектеги "Жеңиш" аянтында Айт намазын 20 миңден ашуун адам окуду (муфтияттын өкүлдөрүнүн маалыматына таяндык). Айт намазын окууга таңкы саат бештен баштап адамдар аянтка келе баштады. Айт намазы башталганга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин куттуктоосун премьер-министр Сооронбай Жээнбеков окуп берди. Андан соң өлкө мусулмандарынын муфтийи жалпы кыргыз элин куттуктады.
Намаз окуу убактысы башталганча баян айтылып, баянды уккан мусулмандар жаан алдында турушту. Имам намаз окуп баштаганда жаан токтоду.
Аянтта калктын коопсуздугун сактоо үчүн милиция кызматкерлери, "Тез жардам" кызматы жана Өрт өчүрүү кызматы көзөмөлдөп турушту.