ЖЫЛНААМА, 6-ИЮЛЬ: 56 жыл мурун кылмыштуу чөйрөнүн белгилүү өкүлү Рысбек Акматбаев туулган

Кезинде кылмыштуу чөйрөнүн белгилүү өкүлү, кийинчерээк легалдашып саясатка аралашып, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган, эл оозунда Робин Гуд атка конгон Рысбек Акматбаев тирүү болгондо бүгүн, 6-июлда 56 жашка толмок. Ал 1960-жылы Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн.

Советтик Армиянын катарында десанттык аскер бөлүгүндө кызмат өтөп келгенден кийин ал Дене тарбия институтуна тапшырган. Аталган окуу жайды аяктагандан кийин ошол эле жерде бокс кафедрасында машыктыруучу болуп эмгектенип жүргөн. 1986-жылдын декабрында Алматыда өткөн казак жаштарынын улуттук өз алдынчалыгына умтулган митингине катышканына байланыштуу КГБнын "улутчул" деген тизмесине илинген. Ал эми 1988-жылы "рэкетчилик менен алектенди" деген айып тагылып, камакка алынган. Ошондон тартып ага "кылмышкер" деген ат жабышкан.

Анын эркиндикке чыгышы Кыргыз Республикасынын эгемендик алган мезгилине туура келет. 1990-жылдардын башында ал өз командасын топтоп, ошол учурдагы башка адамдар сыяктуу бизнес тармагын өздөштүрө баштаган. Иши ийгиликтүү жүрүп, 1995-1996-жылдары туулуп-өскөн Чолпон-Ата шаарына шаардын негиздөөчүсү болгон Чолпон атанын эстелигин орноттурат. 2001-жылы "уюшкан кылмыш тобун түздү" деген күнөө тагылып, ага издөө жарыяланат жана "2001-2004-жылдардагы бир нече адам өлтүрүүлөргө да тиешеси бар" деп айыпталат. 2004-жылдын 5-майындагы милициянын полковниги Чыныбек Алиевдин өлүмү да Рысбек Акматбаевдин мойнуна илинген.
Акаевдик режим кулаганына байланыштуу Рысбек Акматбаев өз эрки менен Башкы прокуратурага кайрылып, ал эми Биринчи Май райондук соту аны толугу менен актап чыккан. Ушул жылдын 9-апрелинде Балыкчы округундагы депутаттык шайлоодо 80 пайыз добуш менен жеңишке жетишкен. Бирок депутаттык мандатты ала элек жатып, 2006-жылдын 10-май күнү мечиттен кечки намаздан чыгып келаткан жеринен кылмышкерлердин колунан каза тапкан.

6-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhykyo
2016-07-06 12:45:07
Робин Гуд болчу чын эле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан