Тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программа качан жолго салынат?

1989-жылдын 23-сентябрында кыргыз тили "мамлекеттик тил" деген макамга ээ болгон. Бул багыттагы мыйзам 2004-жылы кайра жаңыланып, "кыргыз тили - мамлекеттик тил, ал эми орус тили - расмий тил" деп кабыл алынган. Кыргыз тили "мамлекеттик тил" деген статуска ээ болгонуна карабай тамырын кенен жайып, дүркүрөп өнүгүп кете алган жок. Тилди өнүктүрүү максатында мамлекет тарабынан бир катар программалар кабыл алынып, атайын иш-чаралар уюштурулуп келгени менен, аракеттин олуттуу жыйынтыгы көрүнбөй келет. Мамлекеттин коопсуздугу алгач тил саясатынан башталары бышык.

Тилди өнүктүрүүдө мамлекеттик органдардын да үлүшү болууга тийиш. Тилекке каршы, мамлекеттик мекемелердин расмий сайттарындагы материалдардын алгач расмий тилде жайгаштырылып келе жатканы бүгүнкү күнгө чейин мекемелердин тил саясатына болгон кайдыгерлигин көрсөтүүдө. Демек, бул атайын программа кабыл алынганы менен, бирдиктүү саясаттын жоктугун айгинелейт. Маселен, расмий сайттарга жайгаштырылган чечимдер алгач орус тилинде жайгаштырылса, тексттин кыргызчасы кеминде 10 күн өткөндөн кийин гана жайгаштырылат.

Саламаттык сактоо министрлигинин сайтынын кыргыз тилиндеги баракчасы жок. Материалдардын 99 пайызы орус тилинде.

Экономика министрлигинин сайтынын кыргыз тилиндеги баракчасы 1-июлдан бери жаңылана элек.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин сайтынын кыргызча барагы 20 күндөн бери жаңыланбай турат. Анан да тексттерде орфографиялык каталар кездешет. Министрликтин расмий сайтындагы "Туркменистандагы Кыргызстандын маданият кундорунун башталышында Туркменистандын маданият министри менен жогушуу болду" деген сүйлөмдөн одоно каталарды байкоого болот.

Юстиция министрлигинин сайтынын да кыргызча барагы жаңыланбайт. Көпчүлүк материалдары орус тилинде жарыяланган.

Билим берүү жана илим министрлигинин сайтынын кыргызча барагы 8-июндан бери жаңыланган эмес. Аталган министрликтин басма сөз кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Назира Мамбетмусаева штатта жалгыз гана кызматкер болгондуктан, материалдарды эки тилде бирдей чыгарууга мүмкүнчүлүк жетишсиз экенин айтты. "Эки тилде чыгарышым керектигин билем, бирок материалдар жалаң гана орус тилинде келгендиктен жалгыз которуп жетишпейм. Мүмкүн болушунча эки тилде чыгарууга аракет кылам", - деп жооп берди.

Айрым мекемелердин басма сөз кызматында 6-7 кызматкер эмгектенет. Демек, өкмөт тарабынан бирдиктүү көзөмөл жок.

Жогорудагыдай тилге болгон кайдыгер мамилени өкмөттүн сайтынан да байкоого болот. Өкмөттүн басма сөз кызматы менен байланышканыбызда атын атагысы келбеген кызматкери жооп берүүдөн баш тартты.

Бишкек мэриясынын сайтында жарыяланган материалдардын кыргызчасы бир жумадан соң жарыяланат.

Президенттин расмий сайты башкалардан айырмаланып ар дайым өз убагында жаңыланып турат.

Мамлекеттик тил комиссиясынын берген маалыматына ылайык, 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууга 493 миллион 600 миң сом каралган. Анын 243 миллион 64 миң сому 2015-жылга каралып, 67,8 миң сому республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Ал эми 2016-жылга 174 миллион 600 миң сом берилмекчи болгон. Тил саясатын өркүндөтүү программасына көп каражат бөлүнгөнү менен, 2 жылдан бери олуттуу жыйынтык бербей келет.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов бөлүнгөн каражат толугу менен иштетилбей жатканын айткан. Балким, бул каражатты туура бөлүштүргөндө, кыргыз тилдүү калктын кыргызча маалымат алуусуна шарт түзүлмөк.

Өкмөт тил саясатын өркүндөтүүнү жөнөкөй жарандардан эмес, так өзүнөн баштоосу зарыл экени тастыкталып турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан