Президенттин кызы Алмазбек Атамбаевдин дагы бир эл билбеген өнөрү бар экенин айтып чыкты

2-июлда президент Алмазбек Атамбаевдин "Судьбе назло" деген ыры интернетке чыккан. Интернет ааламында кызуу талкууга алынып, көпчүлүгү жакшы ой-пикирлерин билдиришкен. Кечээ, 5-июлда өлкө башчынын кызы Алия Шагиева атасынын гитара ырларынын жыйнагын чыгаруусу менен куттуктап, ага болгон сүйүүсү, жылуу сезимдери тууралуу өздүк баракчасына жазып чыкты. Алия Шагиеванын текстин өзгөртүүсүз беребиз.

"Атам үчүн открытка жасадым. Ичине эмне деп жазганымды айтпай эле коёюн, себеби чыныгы сезимдер тууралуу кыйкырып айтууга болбойт. Жакшы көрөм, жакшы көрөм, жакшы көрөм жана аны гитара ырларынын жыйнагын чыгаруусу менен куттуктайм! Атамдын мээни эс алдырган, жашоого өмүр кошкон, жылмаюу чакырган көңүлдүн иши менен алектенип баштаганы мени абдан кубандырат. Мен аны дайыма чыгармачыл инсан катары кабыл алчумун. Бул да жөн жерден эмес. Ал жаш кезинен музыка жаратып, ырларды жазчу, элестеткиле, жадакалса сүрөт да тартчу. Жакында эле анын жаш кезинде, менин курагымдагы кезде тарткан сүрөт альбомун барактап калдым. Искусствого болгон шык мага андан өткөн. Рахмат, рахмат! Ал тууралуу эмнелер айтылбасын, мага маанилүү эмес, саясатты такыр түшүнбөйм. Тааныш эмес адамдардан айырмаланып, мен аны жакындан билем. Тынч абалда ойлонуп отурган көз карашын билем, түн бир оокумда ойлору менен алышып, ойгонуп кеткен жүзүн билем. Ал мыкты! Дүйнөдө эч бир сөз мени мындай ойдон кайтара албайт", - деп жазып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
Jooshbai
2016-07-06 15:36:27
Atambaev ozun abdan piarlai bawtady go. 2-moonotko prezidenttike barat okwoit da
-24
Taku.14.02
2016-07-06 16:49:22
Jooshbai,ушул жерде да саясат Путин ырдаса талантту дейбиз Биздикилер кара жерин андып журот онор бул саясаттан тышкары
+8
japardos
2016-07-06 15:44:46
Азаматсыз биздин президенттибиз
+18
aseras
2016-07-06 15:45:18
Президентиктен кетсе, ырчы болоттур балким)
+9
AKCAHAT
2016-07-06 16:38:25
Ар бир кыз учун оз атасы - эн мыкты , идеал! Мен да атамды жакшы кором жакшы кором ♡♡♡
+14
Momyn12
2016-07-06 16:41:22
Азамат
+4
Ular86
2016-07-06 17:01:27
Кыргызстан учун иштечи ай онорлоруну президенттен кеткенден кийин чыгара бересин Сен ырдап журосун Кыргыздарын талалап журот ботон элде
-11
kamyr26
2016-07-06 17:01:29
Мага комик президенттер жагат ар дайым хаха менен жургон
-1
Palan4a
2016-07-06 17:06:47
Админ, ырды сиз жоноткон шилтеме аркылу кочуро албай койдумго?! Медиа-портарга кошуп койгулачы? Оной кочурулот?!
0
Kanat.kg
2016-07-06 17:41:40
Бир кездери атамдын фамилиясын албайм чыкты беле, же мен адаштымбы?
-3
saytash11
2016-07-06 21:56:35
Азаматсыз, урматтуу Алмазбек Шаршенович! Талантыңыз ак мөңгүлүү Ала-Тообуздан ар дайым жаңырып тура берсин. Сиздин өз кезегинде улуу саясатчы жана алп өнөрлөрдүн ээси экениңизге ынанып турам. Алакандай кыргыз эли-жери үчүн ар дайым талыкпай, чарчабай эмгектене бериңиз. Талантыңызга таазим!
+3
miss-998
2016-07-06 22:58:19
Азаматсыз!!!алга
+2
erikkarakulja
2016-07-06 23:03:53
Азамат атасынын кызы экен. Президентибизге да чыгармачылык ийгилик,бирок бизге окшогон жогорку билимдуулорго жумуш оордун таап берсе жакшы болмок.
+3
sagyndymgooo
2016-07-07 10:08:09
Азыр баркы билбинбегени менен ,Тарыхта биринчи жолу Кыргыстанда оз мооноту бутуп кеткен президент болуп калат !
+1
omu
2016-07-07 12:33:23
Азаматсыз, урматтуу президент!
Кийинки ырынызды кыргызча ырдасаныз....?
0
nazira...
2016-07-07 15:53:07
А эмне учун Шагиева? Кызы болсо Атамбаева же Шаршенова болуш керек го. Же туура эмес айтып жатамбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан