Акыркы кездерде Боом капчыгайында катуу жааган жамгырдын кесепетинен жолду ылай аралаш суу каптаган көрүнүштөр катталды. Жаан жааганда жол четиндеги тосмолордун ортосунан суу агып жатканын байкоого болот. Транспорт жана жол министрлиги бул көрүнүш боюнча маалымат берди.
SUPER.KG порталына министрликтин басма сөз катчысы Кылыч Досумбетов билдиргендей, мындай учурда жол курууда ката кетирилген деген ойдон алыс болуу керек. "Жолдордун четинде арыктар казылган. Катуу жааган жамгырдын кесепетинен агып келген суу ошол арык аркылуу өтөт. Акыркы учурда шагыл, кум аралашкан суу арыкка батпай калып жатат. Жолду суу каптаган учурда министрлик убагында тазалоо иштерин жүргүздү", - дейт К.Досумбетов.
Кошумчалай кетсек, 1-июлда Боом капчыгайында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 139-чакырымын ылай аралаш суу каптаган. Капчыгайда мындай көрүнүш 3-июлга караган түнү да орун алган. Бул жолу Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 142-144-чакырымдарын суу каптап, жолдун бир тарабында унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилген.
Маалымат үчүн: Боом капчыгайы Чүй облусун Ысык-Көл, Нарын облустары менен байланыштырып турат. Капчыгайдагы унаа жолу Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун курулушунун алкагында кайрадан оңдолуп чыккан. Бул 2010-2015-жылдар аралыгына туура келет. Жалпысынан 539 чакырымды түзгөн Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун курулушуна 427 миллион АКШ доллары сарпталган.