Кечээ, 5-июлда Бишкектеги Чоң Чүй каналына чөгүп жаткан адамды куткарууга аракет кылгандар өздөрү чөгүп кете жаздашкан. Алардын айтымында, сууга секирерден мурун куткаруучуларга байланышышкан. Куткаруучулар 20 мүнөттөн ашып барышарын айтышкандыктан, өз алдынча куткарууну чечишкен.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылганыбызда, куткаруучулар Чоң Чүй каналына нөөмөткө чыгышпай турганын билдиришти.
"Андай каналдарга биздин куткаруучулар нөөмөткө чыгышпайт. Ар бир көлмөгө нөөмөткө туруу мыйзам чегинде жазылган эмес. Каналдардын жээгине "Сууга түшүүгө болбойт!" деген эскертмелерди жергиликтүү башкаруу органдары орнотуп, коопсуздукту сакташы керек. Биз бул багытта алар менен иштешип келебиз. Мыйзам боюнча, атайын сууга түшүүчү жайларды куткаруучулар менен администрациясы камсыздайт", - дешти министрликтен.
Ошондой эле бардык көлмө, сууларда чөгүп жаткан жарандарды куткаруу милдети ӨКМнын Өрткө каршы, куткаруу кызматында экенин кошумчалашты:
"Чөгүп жаткан адамдарды куткаруу - куткаруучуларыбыздын милдети. Чүй облусу боюнча эле 300гө чукул көлмө бар. Анын баарына нөөмөткө чыгууга кызматкерлер жетишсиз. Ар бир райондо бирден Өрткө каршы жана куткаруучулар кызматы бар. Чөгүп жаткандарды көргөндөр телефон чалышса, албетте, куткаруучулар барышат, бирок убакыт боюнча кандай болору белгисиз. Кээде өз убагында жетип куткарып калышат, кээде жакын жерде болбой, жетишпей калышат".
"Жай келип, сууга түшүү сезону башталганда жергиликтүү башкаруу органдарына суу тосмолорду, пайдалуу маалыматтарды орнотууну талап кылабыз. Аймагы боюнча белгилүү бир районго карабаган, көзөмөлгө алынбаган көлмөлөр бар. Андыктан тургундардан сак болууну, атайын сууга түшүүчү жайларга барууну суранабыз. Кадимки балыр да кооптуу болот. Айрыкча кичинекей балдарга чоңдордун көзөмөлүсүз сууга барбоону айтып келебиз".
Белгилей кетсек, өрт өчүрүү кызматкерлери ошол эле учурда куткаруучу да болушат. Суучулдар издөө иштерине гана тартылышат. Өлкө боюнча 24 Өрт-куткаруу кызматы, 64 Өрт өчүрүү кызматы бар. Мындан сырткары Бишкек шаардык куткаруу кызматы, Мамлекеттик куткаруу даярдоо борбору, Республикалык өзүнчө куткаруу отряды да бар.