Бүгүн, 6-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Жаанчыл аба ырайы табият кырсыктарынын санын көбөйтүүдө. 5-июлда Бишкек-Ош трассасынын Токтогул районуна караштуу бөлүгүндө жеңил автоунааны таш басып калып, ичиндеги 2 адам каза тапты. Жамгырдан тоо кыртышы бошоп, 24 саат бою кыймыл токтобогон трассаларда таш кулоо, шагыл же көчкү түшүү коркунучу жогору болууда. Ал эми коопсуздук ойдогудай эмес. 2016-жылдын 15-мартында Жогорку Кеңеште эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу багытында Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинен 116 миллион 470 миң доллар насыя алуу жөнүндө макулдашуу жактырылган. Алынган акчанын бир бөлүгү Бишкек-Ош жолунун кооптуу тилкелеринде кулаган таш жана көчкүдөн коргоочу тосмолорду курууга, трассада жаңы 3 тоннель тешүүгө жумшалары айтылган эле. Азырынча акчадан дагы, өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирген негизги жолдун коопсуздугун бекемдөө ишинен да дайын жок. Түрдүү себептер менен кырсыктардын саны күн сайын өсүүдө. Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2015-жылы Бишкек-Ош жолунда 316 жол кырсыгы катталып, 100 адам каза тапса, 580 адам жаракат алган.
Бишкек менен Ысык-Көлдү байланыштырган негизги трассанын да абалы көңүл жылытарлык эмес. Боом капчыгайында таш кулоо же көчкү түшүү коркунучу күчүндө. Үстүбүздөгү жылдын 1-3-июль күндөрү жааган жамгырдан кийин капчыгай жолун суу каптап жол жүрүүчүлөрдүн айласын кетирди. Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Кылыч Досумбетов муну жол куруудагы катачылыктардан деген туура эместигин айтат. "Жолдордун четинде арыктар казылган, жамгырдан кийин келген суу ошол арык аркылуу өтөт. Бирок акыркы учурда шагыл, кум аралашкан суу агып келип, арыкка батпай калып жолду каптап жатат", - дейт ал. Расмий маалыматка таянсак, Бишкек-Нарын-Торугарт жолу акыркы 5 жылда 427 миллион долларга оңдолду. Курулуштун бардык нормалары сакталганы айтылган, бирок жолдун бети селден корголбой жатканы көрүнүүдө. Жамгыр жааган сайын трассадан автоунаа кыймылын чектей берүү көйгөйдү чечпейт.
Былтыр август айында Боом капчыгайында трассага шагыл көчүп түшүп, Бишкек-Каракол жолу бир нече саатка жабылып калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көчкүнүн түшүшүнө Транспорт жана коммуникация министрлигин айыптаса, аталган министрлик формалдуу жооп кайтаруу менен чектелген. Туристтик сезон кызып турган маалда трассалардан минтип “сюрприз” тартууланышы саякатчыларды чочутат. Аларга министрликтердин чарбалык аргументтери, актануулары өтпөйт. Тийиштүү органдардын кетмен-күрөгү көбүнчө кырсыктын алдын алууда эмес, анын кесепетин тазалоодо иштеп жатканы өкүнүчтүү...
Сууга чөгүп бараткан адамды куткарууга секиргендер өздөрү чөгүп кете жаздашты... Бишкекте 5-июлда Чоң Чүй каналына чөгүп бараткан адамды көргөндөр куткаруучуларга телефон чалышса, алар 20 мүнөттөн кийин барышарын айтышкан. Мындан кийин алар сууга секирип, бирок аны куткара албай калышкан жана өздөрү чөгүп кете жаздашкан. Жай мезгили, сууга түшкөн жарандардын саны көп болору белгилүү. Сууга чөккөндөрдү куткаруучулардын абалы кандай? Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, сууга түшүүгө атайын уруксат берилбеген жерлерде куткаруучулар нөөмөттө турбайт. “Тез жардам” кызматы сыяктуу эле атайын чакырууларга гана барышат. Жергиликтүү бийлик агымы катуу каналдардын же көлмөлөрдүн аймагына “сууга түшүүгө болбойт” деген эскертүүлөрдү илиши керектиги айтылат маалыматта. Ал эми атайын сууга түшүүчү көлмөлөрдү, бассейндерди куткаруучулар кыдырып көзөмөлдөп турушат. Өлкө боюнча 24 Өрт-куткаруу кызматы, 64 Өрт өчүрүү кызматы бар. Өрттөн да, сууга чөгүүдөн да куткарууга Өрт-куткаруу кызматында иштегендер барышат. Мындан тышкары Бишкек шаардык куткаруу кызматы, Мамлекеттик куткаруу даярдоо борбору, Республикалык өзүнчө куткаруу отряды иштейт. Чүй облусу боюнча 300дөй көлмө болсо, анын баарына көзөмөлдөөгө куткаруучулар жетишпейт. Маалыматка таянсак, 2015-жылдын 6 айында өлкөдө 30 адам сууга чөгүп каза тапса, анын 7си жаш балдар болгон. Ал эми 2016-жылдын июнь айында эле 20 адам сууга чөктү.
Кыргыз мамлекетинде кыргыз тилин өнүктүрүү - башкы көйгөй. Эне тилди өнүктүрүүгө бюджеттен каржыланган мамлекеттик органдар кандай салым кошуп жатышат? “Эшигин көрүп төрүнө өт” дегендей, мамлекеттик мекемелердин элге маалымат жеткирүү миссиясына көз жүгүртөлү. Өкмөттүк органдардын расмий сайттары маалыматтарды алгач расмий тилде жарыялашып, бир нече күндөн кийин гана кыргызчасын жазышат, эгер жазышса. Жазышпаса маанилүү чечимдер орусча жарыяланган бойдон калат. Саламаттык сактоо, Экономика, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин сайттарын мисал кылууга болот. Алтынбек Максүтов Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жетекчилигине жаңы шайланып жатканда парламентте “министрликтин сайтын өзгөртүп, маалымат таратуу жагын колго алам” деген эле. Аталган министрликтин сайтынын кыргызча бети 20 күндөн бери жаңыланбай турат, аны колго алчулар көрүнбөйт.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууга 2015-жылы 243 миллион 64 миң сом каралып, 67,8 миң сому республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов бөлүнгөн акча толугу менен иштетилбей калганын айтты. Анын билдиришинче, 243 миллион сомдун алкагында негизинен китептер чыгарылмак. Бирок бул милдетти моюнга алган Билим берүү жана илим министрлиги китеп даярдоо иштерин уюштурууну, тендер өткөрүүнү өз убагында жүргүзбөй жылдын аягына чейин созгон. Министрликтен акча декабрь айында бөлүнүп, толук иштетүүгө үлгүрүшкөн эмес. Быйылкы жылга 176 миллион сом каралганы белгилүү болду. "Каржы министрлиги тендер өткөрүүгө даярбыз десеңер акчаны бөлөбүз деп карап отурат. Министрлик быйыл аракет кылышы керек", - дейт Эрматов.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы көчөгө илинчү орус тилиндеги жарнамалык такталардын кыргызча котормосу болушун талап кылып келет. Кыргыз тилине көз көрүнө кайдыгер мамиле кылган мамлекеттик органдарга качан көңүл бурат?