Ала-Бука-Айры-Там жолун сел алып кетти. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 6-июлда билдирди.
"Сел жолдорду бузуп кеткени үчүн техниканын баарын ушул жерде иштетип жатабыз. 17-чакырымдагы суу түтүктөрүн бузуп кетти", - деген Ала-Бука районунун Жол-эксплуатациялоо ишканасынын башкы инженери Нурбай Жолдошбаев.
"Айры-Там айылында 2400дөй түтүн бар. Ушунча эл суусуз отурат", - деп кошумчалады окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.