Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында мектеп мугалими менен ата-энелердин биринин чатактагы басыла элек. Буга чейин "баламды мектепте мугалими урду" деп Айчүрөк Аманбаева аттуу жаран SUPER.KG порталына кайрылган эле. Айыпталып жаткан мугалим Нуриза Урустемова ата-эне тарабынан айтылгандарды четке кагууда. Мектеп мугалимдери бул окуяда мугалимдин күнөөсү жок экенин айтып жатышат. Терек-Сай орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Самара Ташматова бүгүн, 7-июлда буларды айтты:
"Окуучуну китепканада сабап, партага башын сүздүргөн" деп жалган маалымат таратып мугалимдин аброюна шек келтиргени үчүн Айчүрөк Аманбаеваны жоопко тартыш керек. "Сабалды" делген окуучуга кээде мен да сабак өтүп жүргөм. Тартиби начар, класстагы окуучулар менен да тил табыша албайт, сабактарга даярданбай келет. Кыскасы, мугалимди кыйнаган окуучулардын бири. Ата-энеси да анын билим алуусуна кайдыгер. Бала үйүнөн токмок жеп, мектепке денеси көк ала болуп келген учурлары кездешкен. "Мугалим Нуриза Урустемова окуучуну сабады" деген сөздөр жалган, муну окуучулар да тастыктап бере алышат".
Мектептин окуу-тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Шералиева, социалдык адиси Анара Базарова да ушундай пикирде экенин билдирди.