Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайында КамАЗга жүктөлгөн аскердик техникалар чек арадан өткөрүлбөй жатканын окурман 9-июлда SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кабарлады. "Эки КамАЗда тең аскердик техникалар жүктөлгөн экен, бирок аскердик техниканын кайсы түрү экенин даана көрө алган жокмун", - деп айтты окурман.
Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн SUPER.KG'ге билдиришкендей, аскердик техникалар "Кыргыз курал" мамлекеттик ишканасы тарабынан Кыргыз мамлекетинин аймагынан сыртка чыгарылып кетип жаткан. "Кандай техника экенин айта албайбыз. Айрым документтер туура эмес болуп жаткандыктан, КамАЗдар азырынча чек арада турушат", - деп билдиришти басма сөз бөлүмүнөн.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.