Бүгүн, 12-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкектин борбордук бөлүгүн эски курулуштардан тазалоо демилгеси боюнча журналисттерге маалымат берди. “Шаарга жепирейген үйлөрдү эмес, комплекстүү имараттарды курушубуз керек. Эгер ушул темпте калтырсак, шаарыбыз дагы 25 жылда деле оңолбойт”, - дейт депутат.
Сөз борбор шаардын Карпинский, Линейная, Жибек-Жолу көчөлөрү жана Жаш Гвардия бульвары менен чектелген аймагында 1996-жылга чейин курулган курулуштарды мэриянын балансына алып коюп, ээсине компенсация төлөп берүү тууралуу мыйзам долбоору жөнүндө болууда. Компенсациянын өлчөмүн, албетте, менчик ээси эмес, "чоңдор" чечишет... Демилге азырынча парламент кароосуна жете элек, коомдук талкууда. "Жарандардын менчигиндеги турак жай, имараттарды мэриянын балансына алып коюу" деген кептин өзү эле элди чочулатып, нааразы пикирлерди жаратты. Долбоорго каршы чыгып жаткандар Текебаев менен жолугушуу өткөрүп, “ата мекенчи” аларга документтин маңызын түшүндүрүүгө аракет кылганын айтат. Жолугушууга келгендерди “Ата Мекендин” лидеринин аргументтери ынандыра албаган өңдүү. Сунушталган мыйзам долбооруна каршылар да бүгүн маалымат жыйын өткөрүшүп, демилгени “элге каршы мыйзам” деп аташты.
“Булар элди тоногону жатышат. Бизден алынган жерге социалдык же маданий мекемелерди эмес, өздөрүнө үй, кафе, ресторан курушат”, - дейт мыйзам долбооруна каршы чыгып жаткан топтун өкүлү Мария Абакирова. Жарандык активисттер мыйзам долбооруна каршы 2 миңден ашык кол топтолгонун да билдирип чыгышты.
“Ата мекенчилердин” социалдык өңүттөгү, коомдун калың катмарын кайдыгер калтырбай турган мыйзам долбоорлору көбүнчө шайлоолорго жакын сунушталып “популисттик аракет” деген сынга туш болушат. Бишкектин четинде мыйзамсыз басып алынган жерлерди, аларга курулган 6 миңдей үйдү мыйзамдаштыруу аракети да 2015-жылкы парламенттик шайлоонун алдында көтөрүлүп, коомдо “элден добуш алуу аракети” деп сындалган. Текебаевдин командасынын бул демилгеси болсо “элди тоноо” катары бааланууда.
Конституциянын 12-беренесинин 2-пунктунда менчиктин кол тийбестиги, эч ким өз билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эместиги, менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилери белгиленген. Ушул эле пунктта “коомдук муктаждыктар” үчүн мүлктү мамлекет соттун чечими аркылуу алып коё алары айтылат. Текебаевдин мыйзам долбоорунун логикасына таянсак, эртең дагы бир башка мыйзам жазып, кайсы жакта жайгашканына карабастан сиздин да үйүңүздү мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн деген "жакшы ой" менен алып койбойт деген кепилдик жок. Демилгенин тагдыры парламент каникулдан келгенде, күзүндө чечилмекчи.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту 2010-жылкы Июнь окуясында улуттар аралык жаңжалды козутууга, адам өлүмүнө айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун иши боюнча жаңы жагдайларды карады. Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Аскаровдун соттолушунда акыйкатсыздыктар орун алганын айтып, аны абактан бошотууну кыргыз тарапка сунуштаган эле. Жогорку Сот бүгүнкү чечими менен ал сунушту жарым жартылай канааттандырды. Тактап айтканда, кылмышкерди өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча Жогорку Соттун жана Жалал-Абад облустук сотунун чечимдерин жокко чыгарды. Ал эми Базар-Коргон райондук сотунун өкүмү күчүндө калтырылып, Аскаровду абактан бошотуу сунушу аткарылган жок. Иш кайра кароого Чүй облустук сотуна жиберилди. Башында Өмүрбек Текебаев баш болгон саясатчылар эл аралык уюмдар өз чечимин аткарууну Кыргыз өлкөсүнөн талап кыла албай турганын, алар сунуш гана берерин билдиришип БУУнун кайрылуусуна тынчсызданууга негиз жок экенин айтып жатышкан. Бүгүн ошол жөнөкөй сезилип жаткан сунуштан улам Жогорку Сот өз чечимин жокко чыгарды...
Аскаровдун күнөөлүү экени далилденген дегендер милиция менен сотко ишеним көрсөткөнү үчүн айтып жатышабы же анын улуту өзбек болгону үчүнбү? Анын үстүнө Аскаровду сот милициялардын эле көрсөтмөсү менен күнөөлүү деп тапкан. Аскаровдун атын айтпай туруп "Кыргыз милициясына жана сотторуна канча пайыз ишенесиз?" деген сурамжылоо жүргүзүлсө, Аскаров жазаланышы керек деген элдин көпчүлүгү "Милиция жана сотторго ишенбейм" деп айтарына күмөн жок. Демек, биздин милиция жана соттордун Аскаровду күнөөлүү деп чыгарган чечими да күмөн.
Кыргыз мамлекети Борбор Азия өлкөлөрүндө бирдиктүү туристтик тейлөө түзүүнү сунуштады. Бишкекте 7-8-июлда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн Туризм боюнча кеңешинин саммитинде Туризм департаментинин башчысы Азамат Жаманкулов Кыргыз жерине келген туристтердин көбү Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстанга да баргысы келерин айтып, шенген визасы сыяктуу бирдиктүү документ түзүү зарылдыгын белгиледи. Муну менен КМШ аймагына туристтердин агымын күчөтүүгө болорун айтат. Европанын 26 өлкөсү шенген зонасына мүчө, шенген визасына ээ болгон турист Европа өлкөлөрүнүн биринен экинчисинин аймагына кыйынчылыксыз өтүп, эркин саякаттай алат. Албетте, мындай ыңгайлуулук Европа аймагына туристтердин агымын эселеп өстүрөт. Мына ушундай эле ыкманы Борбор Азияга да колдонууга болот дешет демилгечилер. Борбор Азия өлкөлөрүндө мындай жеңилдик азырынча жок. Эгерде мамлекетибиздин бул сунушу коңшу өлкөлөр тарабынан колдоого алынса, коңшу өлкөлөрдө эс алып кайтып кеткен саякатчылардын бир бөлүгү Кыргыз жерине тие кетүүнү туура көрмөк. Ушундай эле көрүнүш, каалоо Кыргыз жерине келген туристтерде деле пайда болуп, Казакстан, Тажикстан же Өзбекстанга келген туристтердин санын өстүрмөк. Албетте, идея колдоого аларлык. Аны ишке ашыруу үчүн ири каражат жана бекем эрк керек.