Жалал-Абад шаарынын тургуну 6 жаштагы уулу Талгат эртең мененки саат 10дон бери дайынсыз болуп жатканын SUPER.KG порталына билдирди. Whatsapp аркылуу кайрылган эне анын уулун көргөн-билгендер болсо (0558) 00-26-03 номерине чалып коюуну өтүнөт.
"Балам сүрөттөгүдөй кийинип жүргөн. Болгону баш кийими жок", - дейт эне.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.