Бүгүн, 13-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Бишкек шаарынын көчөлөрүнө илинген баннер коомдо талкуулар толкунун жаратты. “Кайран элим, кайда баратабыз?!” деп аталган баннерде ак элечек кийген кыргыз айымдарынын сүрөтү, ага салыштыруу иретинде жакында Ош шаарында өткөн иш-чарада тартылган жүзү жабылуу кыз-келиндердин жана кара паранжа жамынган айымдардын сүрөтү тартылган. Интернеттеги социалдык тармактардагы айрымдар муну “чагымчылдык” деп атап, баннерди илдиргендерди жоопко тартууну талап кылууда. Ал эми экинчи тарап баннердин илинишин колдоп, кыргыздын улуттук дөөлөттөрү тыштан келген маданияттан улам жоголуп кетпеши керегин айтышууда.
Кыргыз жеринде диний ишенимине карап кийингендерге, дегеле жарандардын кийинүүсүнө мыйзамдык чектөө жок. Конституциянын 31-беренесинин 4-пунктун мисал кылалы. Анда “улуттук, этностук, расалык, диний жек көрүүнү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөп, кодулоого, касташууга же күч колдонууга чакырган үндөөлөргө тыюу салынат” деп жазылган. Ошол эле учурда президент Алмазбек Атамбаев улуттук дөөлөттөрдү сактоо зарылдыгын, кыргыздардын жашоосуна “мусулмандын кийими” деген терминди киргизбөө керектигин айтып келет. Бир жолу мындай деген: “Мусулмандын кийими деп хиджаб менен дамбалды эсептесек, аларды бизге таңуулай беришсе, анда эмне, кыргыздын улуттук кийимин кийгендерди же өзүнө ыңгайлуу кийингендерди мусулман эмес дейбизби?”
Бишкектин көчөлөрүнө илинген баннерди айрымдар улуттук баалуулуктарды сактоого чакырык катары кабыл алышты. Муфтият баннер элдин ынтымагына доо кетирерин айтып, тийиштүү органдардан иликтөөнү өтүндү. “Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгы кыргыздын улуттук кийимин динге дал келген кийим деп белгилейт жана улуттук баалуулук менен диний баалуулуктарга шайкеш келерин билдирет. Көчөгө коюлган аталган жарнак элдин ынтымагына доо кетирген көрүнүш. Муфтият мындай нерселерге таасирленип чектен чыкпоого чакырат”, - деп айтылат маалыматта.
Ал эми баннердеги сүрөттө паранжа (айымдын көзү гана көрүнөт) жамынган айымдар тартылган. Кыргыз коомчулугу баннерди түз кабыл алып, андан адамдарды экиге бөлүү аракетин көрдү. Бишкекте мындай көлөмдөгү 1 баннердин орточо баасы 23 миң сомдун тегерегинде. Жарнакты илдирген адам коомдук фонддордун биринин жетекчиси экенин мэриянын басма сөз кызматынын өкүлү Гуля Алмамбетова тастыктады. Автор өзүнүн кадамын “исламдан улам кыргыздар өзүбүздүн ким экенибизди унутуп калбайлы деген ойду айтайын дегем” деп түшүндүргөн. Улутка күйгөн бул сырдуу адамдын аты-жөнүн шаар башкармалыгы сыр тутууда.
Жакында Жогорку Кеңештин депутаты мыйзамдуу түрдө жума күндөгү тыныгууга намаз үчүн кошумча 1 саат убакыт бөлүү аракети менен мыйзам демилгелеп чыккан эле. Ал демилге кыргыз коомчулугун эки жаатка бөлүп, динге берилгендер менен эркин көз караштагы адамдар эки жаатка бөлүнүп, кыргыз коомчулугу чуу түшкөн. Ал окуя Кыргыз өлкөсүнүн президентинин кийлигишүүсү менен тынчыган эле. Бир ай өтпөй "Кайран элим, кайда баратабыз?!" деген эскертүү менен коштолгон баннер окуясы пайда болду. Бул окуялар кыргыз коомчулугунда светтик өлкө түшүнүгү менен шарият жолунда жашоо түшүнүгү бир рамкага сыйбай баратканынан кабар берет. УКМК үчүн бул кооптуу коңгуроо...
Кыргыз жерине бүгүн расмий сапары менен Германиянын канцлери Ангела Меркель келери күтүлүүдө. Немис лидери 14-июлда президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуп, кыргыз-немис кызматташтыгын талкууланганы жатат. Коноктун келишине карата шаарга атайын “Кош келиңиз, Ангела Меркель айым!” деген жазуулары бар баннерлер илинди. Мындай даярдык көрүүгө удаа эле Каржы министрлиги Кыргыз Республикасы менен Германиянын ортосундагы ийгиликтүү долбоорлор тууралуу маалыматтарды жарыялады. Айтылгандарга таянсак, 1992-жылдан бери каржылык жана техникалык кызматташтыктын алкагында Германия көрсөткөн жардамдын суммасы 261 миллион 900 миң еврону түзөт. 14-июлда адаттагыдай канцлердин кортежи жүрчү көчөлөр автоунаа кыймылынан тазаланат. Айтор, немис лидерин жылуу кабыл алып, жакшы узатууга жакшы аракет көрүлүүдө. Кыргыз мамлекетинин Германиядагы элчиси Эринес Оторбаев Борбордук Азия чөлкөмүндө демократия жолун тандаган жалгыз өлкө катары Кыргыз мамлекети менен кызматташууга Германия кызыкдар экенин билдирди.
2015-жылы Алмазбек Атамбаев Германияга расмий сапары менен барганда немис лидери: “Кыргыз тарап күн тартибине киргизген маселелер боюнча кызматташууга биз даярбыз. Мисалы, өнүгүүнүн демократиялык багыты боюнча”, - деп билдирген.
Маалымат айдыңында Меркель президент Атамбаев менен Кыргыз жерине Сириядагы качкындарды ылгоодон өткөрө турган лагерь курууну талкуулай турганын жазышып, Тышкы иштер миинстрлиги мындай маалыматтарды четке какты. Жакында журналисттерди коргоо бейөкмөт уюму өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровду абактан бошотууга таасир этүүнү суранып Германиянын канцлерине кат жолдогон. Бул маселе өлкө лидерлеринин жолугушуусунда талкууланары же талкууланбай турганы расмий айтылган жок. Меркелдин сапары кыргыз тарапка эмне пайда алып келгени сүйлөшүүлөрдөн кийин белгилүү болот.