Акыркы жылдары чет өлкөлүктөр Кыргыз Республикасы тууралуу көптөгөн маалыматтарга ээ боло башташты. Кыргыз жергесинин кооздугу, элинин меймандостугу тууралуу көптөгөн дүйнөлүк маалымат каражаттарына жазылып, туристтердин көп келишине шарт түзүлүп жатат. Туристтер көбүнчө Кыргыз жеринин көлдөрүнө, кооз токойлоруна кызыгып келишери байкалууда. Туристтердин көбү үчүн цивилизация жете элек жерлер кызык. Жайлоодо электр тогусуз, интернетсиз жашап көргүлөрү келет. Биздин таза абага, таза суубузга, арчалуу токойлорубузга суктанышарын бул тармакта иштегендер билдиришүүдө.
Кыргыз жерине суктанган туристтердин бири азербайжандык Туркан Пасазаденин айтымында, ал Кыргыз жеринде жүргөндө өз мекенин сагынган эмес.
"Мен чынында эле Кыргыз жерин жакшы көрөм. Буга чейин анын мынчалык кооз экенин билген эмесмин. Мен өзүм жаратылышты жакшы көрөм. Көлдөрү, тоолору, токойлору жана шаркыратмалары - баары мага жакты. Маданияты, тамактары эң жакшы. Тилдерибиз бир аз окшошуп кетет экен. Кыргыздар биздин элдей эле ушунчалык жароокер, меймандос, мамилечил болушат экен. Кыргыз жери мага аябай жаккандыктан, мен өз мекенимди сагынган да жокмун. Албетте, кайра келгим келет", - дейт Туркан.
Төмөндө бул меймандын тарткан сүрөттөрү менен тааныштырмакчыбыз.
"Көптөгөн жерлерге баргам, Кыргыз жергесине алгачкы жолу барышым. Аз эле күн жүрсөм да, эсте каларлык болду. Өзүм биологмун, андыктан жаратылышка жакынмын. Арчалуу токойлору өзгөчө кооз экен", - деп таасирленгени менен бөлүштү Туркан.
Ысык-Көлдөгү Көк-Жайык жайлоосундагы шаркыратма.
Жети-Өгүздөгү Жарылган жүрөк тоосу.
Туристтер жөө туризмде көбүнчө ат минип жүрүүнү каалашат. Андыктан туристтер менен иштешкен ишкерлердин көбүнүн аттары бар жана ал аттарды акыга беришет.
Бостеридеги бөдөнөнүн жумурткалары.
"Бул ит акылдуу экен. Көлдүн жээгиндеги адамдардын баары менен ойноп жүрөт окшойт. Мен да аны менен көпкө ойнодум", - дейт Бакудан келген турист.
Бостери айылындагы базарлардын биринде тартылган кактар. Турист кайсы өлкөгө барбасын, акыры базарына да барат. Мекенине өзү көргөн жеринен эсте каларлык буюм же жемиш, шириндиктер болобу, айтор, өзгөчөлүк издешет.
"Негизинен Кыргыз жеринде талааларда, тоолуу аймактарда аттар көп экен. Алар ушунчалык сонун экен! Алардын жанында күчтүүлүк менен эркиндикти сезесиң. Тилекке каршы, аларды сүрөткө тарта албай калдым, же алар бат чуркап кетишет, же биз ылдам өтүп кетебиз. Ал эми ак куулар бизди көрүп кубанышканы менен, нанга андан өтүп кубанышты", - дейт орусиялык турист Галина Кисанд.
Галина Кисанддын "Фильтрсиз Ош" деп жүктөгөн сүрөтү.
"Кыргыздардын дээрлик баары улуттук баш кийимди кийип жүрүшөт экен. Менин оюмча, жаа жарашып эле калат", - дейт Кисанд.
Сүрөт "Мончодон кийин бийик тоолуу көлгө" деген аталышта жүктөлгөн. Орус элинин эң жакшы көргөнү ысык мончо жана андан кийин муздак сууга түшүү.
Сүрөттүн автору Харри Харрис, "Бишкектеги базар".
Жогоруда жазылгандай, өлкөбүзгө келген ар бир турист базарга барат. Тилекке каршы, туристтердин эсинде биздин базарлар тазалыгы менен калбайт. Базарларыбыздагы иретсиздик менен тазалыкка байланышкан көйгөйлөр туристтердин көңүлүн калтырбай, ар дайым эле өлкөбүздүн кооз жаратылышы баарын "жууп" кете бербейт экени эске алынып, маселе чечилет деген ишенимдебиз.