КҮНСЕРЕП: Кыргыздар эми улак эмес, муляж тартышат

Бүгүн, 15-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Мамлекет казынасынан 75 миллион доллар каралып жаңыланып жаткан “Манас” аэропорту-Бишкек жолунун сапаты талаптагыдай эмес. Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун эскертүүсүнөн кийин жол курууда кетирилген мүчүлүштүктөр оңдолуп жатканын бүгүн Транспорт жана жол министрлигинен билдиришти. Жолдун курулушуна жооптуу компания трассанын тегиз эмес тилкелерин түздөп жатканы айтылды. Убагында талапты катуу коюп, төрт көздөп карап турганда мындай чала иштер жасалбайт эле. Оңдоо иштерин жасоо укугун утуп чыккан аткаруучу компаниянын иши, трасса кандай ыкмада оңдолору, стандартка туура келеби-жокпу, мунун баары иш жасалып бүткөндө эмес, иш башталганда талап кылынышы керек эле. Эми жолдун тегиз эмес жерлерин жамап-жазгап эптеп бүтүрүшүп, 5 жылга жетпей жыртылса, биздин "чоңдор" кайра Кытайга карыздап акча сураганы барышабы?

Аталган жолдун курулушу 2015-жылдын 17-сентябрында башталып, трассанын бир тарабы убактылуу жабылган. Жакында жабылган тилке оңдолуп бүткөндөн кийин премьер Жээнбеков көрүп, оңдоо иштери эл аралык тургай, аймактык стандартка да жооп бербесин айткан. Мындай сын болбогондо, балким, жол ошол бойдон пайдаланууда калмак... Кыскасы, иштер көз жумду жасалганы белгилүү болду. 1 жылга жакындап калды, 24 чакырым жолду талаптагыдай оңдоп бүтүрүү иши түйшүк жаратууда. Миллиондоп акча бөлүнгөн жол маселеси дайым көңүл чордонунда. Мурунку премьер Темир Сариев Балыкчы-Корумду жолун куруудагы чырдан улам кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Мурунку транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев да ошол чырдан улам жаңы өкмөттүн курамынан тыш калганы маалым. Жол курулушун көзөмөлдөбөгөнү үчүн транспорт жана жол министри Замирбек Айдаровго сөгүш берилген, Айдаров экс-министр Малабаевдин окуясынан сабак алып жок дегенде трассанын экинчи тарабын талаптагыдай бүтүрөр... Курулуш ишин тендерден утуп алган “Техно Топ” компаниясы жүргүзүүдө, чала жасалган иштери үчүн анын жоопкерчилиги каралары же каралбасы тууралуу азырынча сөз жок. Трасса толугу менен үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында ишке берилери пландалууда.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев өлкөдө мамлекеттен ай сайын социалдык жөлөк пул алган балдардын саны 1 жыл ичинде 16 миңге азайганын айтты. Министр
жөлөк пулду чыныгы муктаждарга гана жеткирүү ишинин жакшырышы жана жакырчылыктын азайышы жөлөк пул алган балдардын санын азайтууда деген пикирде. Айтылгандарга таянсак, соңку 4 жылда жөлөк пулдун суммасы 370 сомдон 810 сомго чейин көтөрүлдү. 2016-жылга карата бул багытка республикалык бюджеттен 1 миллиард 200 миллион сом каралган.

“Кедейлер азайганы үчүн жөлөк пул алчулар кыскарды” деген сөз кулакка жакшы угулганы менен,
жөлөк пул берүүдөгү критерийлердин адилетсиздигин айтып нааразы болгондор көп. 2016-жылдын башында Нарын, Жалал-Абад, Ош облустарынын айрым райондорунда митингге чыккан жашоочулардын дооматтарынын бири да жөлөк пул көйгөйү болчу. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине таянсак, “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамга ылайык, жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине жараша чектелет. Үйдө бир же андан көп узакка пайдаланылуучу иш абалында турган каражаттар болсо, ал үй-бүлөгө жөлөк пул берилбейт. Мисалы, жеңил же жүк ташуучу автоунаа, айыл чарба техникасы болсо...

Жөлөк пул саясатына нааразы болуп чыккандардын арасында “Киреше булагыңар бар экен” деп үйүндө эски автоунаасы барларга жөлөк пул берилбей жатат. Ал унаа айына 1 сом киреше таппайт” дегендер болгон. Ал эми жакында Ак үйдүн алдына митингге чыгып президенттен жардам сураган Баткен облусунун тургуну Махабат Сулайманова “майыптыгың боюнча 3 миң сом пенсияң бар экен” деп Баткен шаардык социалдык коргоо башкармалыгы 5 баласына жөлөк пул чегербей койгонун айткан эле. Кыскасы, өлкөдө жөлөк пулга муктаждардын баары эле министр Базарбаевдин айткандарына кошула бербейт... Бул тармакта коррупция тамырлап кеткени да улам бир окуя менен тастыкталып келет. Чыныгы жардамга муктаждарга жөлөк пул берилбей, муктаждыгы жоктор алып жаткан учурлар бар. Жакында Лейлек райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголгонун Ички иштер министрлиги маалымдаган. Айтылгандарга таянсак, кызматкерлер 2013-2016-жылдар аралыгында социалдык коргоого муктаж эмес адамдарга жасалма документтер аркылуу
жөлөк пул чегерип келишкен. Факт боюнча учурда Баткен облустук прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Ысык-Көлдө быйыл күзүндө өтүүчү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрүчүлөр улак эмес, кайыштан жасалган муляж тартышат. Кыргыз Республикасынын Улуттук оюндар боюнча дирекциясы муляж жасоо боюнча сынак жарыялап, жеңүүчүгө 50 миң сом сыйлык убадалады. Кайыш оюнчуктун салмагы 32 килограммдан 35 килограммга чейин болуп, 16 оюнга чыдагыдай болушу шарт. Дирекциянын башчысы Алмаз Касенов көк бөрү оюнун ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине Кыргыз мамлекетинин атынан киргизүү үчүн аталган оюнда муляж тартуу керектигин айтууда. Аталган уюм жандыктарды аёосуз кордоого каршылыгын билдирип, көк бөрүнү тизмеге каттоо үчүн улактын ордуна муляж жасап чыгууну сунуштаган. Бул маселе үстүбүздөгү жылдын май айында эле көтөрүлүп, кыргыз коомчулугу кызуу талкуулаган эле. Айрымдар “улактын ордуна муляж тартсак оюндун мааниси жоголот” деп каршы болушса, башкалары мындай демилге ысырапкорчулукту азайта турганын айтып колдоого алышкан (болжол менен 1 жылда көк бөрү үчүн 5000 торпок союлары айтылган).

Көк бөрүнү Казакстан да өз атынан ЮНЕСКО тизмесине каттатууга кызыкдар. Кыргыз тарап коңшулардан озунуп аракет кылышы колдоого аларлык. Болбосо 7 жыл мурункудай окуя кайталанышы мүмкүн. 2009-жылы "Манас" үчилтиги Кытайдагы этникалык кыргыздардын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине катталып, андан кийин гана Кыргыз Республикасы аракетке өтүп, 2014-жылы Кыргыз Республикасынын атынан каттоодон өткөрүлдү. Азыркы аракети да улуттук мурастарды "менчиктештирүүгө" такалууда. Башкысы – улуттук оюндун аталышы, эрежеси өзгөрбөгөнү. Оюнда кайыш тартылабы, улактын өзү тартылабы, анчалык мааниге ээ эмес. Маанилүүсү – көк бөрү кыргыздын оюну экенин дүйнө жүзүнүн таанышы. Келечекте, балким, Олимпиада оюндарынын катарына кирет, ошондо Кыргыз мамлекетинин аты дүңгүрөйт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан