Казакстандын Алматы шаарынан Алматы-Бишкек каттамы боюнча саат 18:00дө уча турган "Эйр Астана" компаниясынын учагы уча элек жатып аэропорттун токтоочу жайына кайтып келди. Бул тууралуу окурман бүгүн, 17-июлда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Учак экипажы техникалык себептерден улам кайтканын айткан. Учурда униформачан адамдар учакты текшерүү же тинтүү иштерин жүргүзүшүүдө", - дейт окурман.
Бул тууралуу Бишкектеги "Манас" Эл аралык аэропортунун Сурап-билүү борбору төмөнкүлөрдү билдирди: "Ал учак Алматы шаарынан дагы деле уча элек. Азырынча себеби бизге белгисиз".
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.