Бүгүн, 18-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Түркияда аскердик төңкөрүш жасоо аракетин айыптап, Кыргыз Республикасы Түркиянын мыйзамдуу шайланган бийлигин колдой турганын айтты. Кыргыз мамлекети Түркия менен экономикалык жана маданий тармакта жакын өнөктөш. 2015-жылы мамлекетибиз менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн суммасы 232 миллион 800 миң долларды түзгөн. Өлкө жетекчиси Атамбаев Түркиядагы абалдын тезинен жакшырышына кызыкдар экенин белгилейт: "Түркия - Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнөктөшү, ал эми биздин мамлекеттин элдерин тарыхый боордоштук байланыштырып турат. Биз түрк элинин конституциялык түзүмгө, адамдардын укугун жана эркиндигин сактоого кооптуулук жараткан ар кыл кол салууларга туруштук бере алчу акылмандуулугуна ишенебиз. Кыргыз мамлекетинин эли Түркиянын мыйзамдуу бийлигин колдоорун билдирет жана Түркия Республикасында тынчтыкты, мыйзамдуулукту, тартипти тезирээк орнотууга чакырат".
15-июлдан 16-июлга караган түнү Түркияда аскердик төңкөрүш жасоо аракети болду. Соңку маалыматтарга таянсак, куралдуу жаңжалдан 265 адам каза тапса, 1440 адам жаракат алып, 6000дей адам төңкөрүш жасоого шектелип камакка алынды. Көпчүлүк бул окуяны 2013-жылы Египетте болгон аскердик төңкөрүшкө салыштырышты. Айрымдар бул окуя тууралуу "белгилүү түрк диний аалымы Фетхуллах Гүленге ынанымдуу айып тагуу, армия жетекчилигин алмаштыруу үчүн Эрдоган өзү уюштурду" деген пикирлерин да айтышууда. Жаңжалды токтотуу жана уюштуруучуларды жазалоодогу Түркия өкмөтүнүн ишинин ыкчамдыгынан улам бир катар эксперттер ушундай жыйынтыкка келишкени айтылат маалыматтарда.
"Эмне үчүн тополоңчулар Эрдоган Анкарада же Стамбулда эмес, Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги Мармарис шаарында эс алууда экенин билип туруп аны кармоого аракет кылышкан жок? Алар президентти Мармаристен жакынкы аэропортко чейин келип алууга шарт түзүп беришти. Андан кийин ал бир саатка жетпей Стамбулга келип калды", - дейт Al-Monitor порталынын баяндамачысы Женгиз Чандар.
Дин аалымы Гүлен өзүнө карата айтылган айыптоолорду четке какты жана "бул окуяны Түркия бийлиги өзү уюштурушу мүмкүн" деген пикирин билдирди. "Дүйнө президент Эрдоган тарабынан айтылган айыптоолорго ишенбейт деп ойлойм. Бул мындан ары гүленчилерди айыптоо үчүн атайын уюштурулган жасалма төңкөрүш болушу мүмкүн", - деди Гүлен.
Түркиядагы окуялар Борбордук Азия өлкөлөрүнө да сабак болуусу керек. Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз жеринде ушул сыяктуу окуялардын алдын алуу зарылдыгын 2015-жылы жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында баса белгилеген. SUPER.KG тарабынан өлкөдө премьер-министрдин позициясын бекемдөө аракети тууралуу суроо берилип, президент мындай жооп узаткан: “Президенттин кээ бир укуктарын премьерге берсек жаман болбойт. Президентте армия болсо, премьер-министрде Ички иштер министрлиги бар. Эки кочкор сүзүшүп баштаса эмне болот? Президент менен премьер атышкан өлкөлөр бар, мисалы, Африкада. Мен ошондой болбосун деп аракет кылып жатам”.
Бул тарабынан караганда мамлекет башчынын пикирин колдогондор арбын. Президенттик шайлоого 1 жылдан ашыгыраак убакыт калды. Ага чейин өлкө башчынын ыйгарым укуктарын кыскартып, өкмөт башчынын бийлигин күчөтүп, толук парламенттик башкарууга өтүү демилгеси жанданышы күтүлөт. Бул маселе парламент каникулдан келгенде, күзүндө көтөрүлүшү мүмкүн.
Коңшулаш Казакстанда кырдаал тынч эмес. 18-июлда эртең менен Алматы калаасынын айрым райондорунда атышуулар болуп, маалымат булактарында жарыяланган соңку маалыматтарга ылайык, 3 полиция кызматкери, 1 жөнөкөй жаран каза тапты. Окуядан кийин аймакта терроризмге каршы операциялар башталып, жашоочуларды үйдөн чыкпай туруу, эл көп чогулган жерлерге барбоо чакырыгы жасалды. Кылмышка шектелип 2 адам кармалганы ММКларда маалымдалып, Казакстандын күч түзүмдөрү окуя тууралуу кеңири комментарий бере элек. Айрым маалымат булактары кармалгандар салттуу эмес динди кармангандар болушу мүмкүн экенин жазышты. Бул соңку айлардагы дүрбөлөңдүү экинчи окуя. Казакстандын Актөбө шаарында үстүбүздөгү жылдын июнь айында курал-жарак сатылган 2 дүкөнгө жана аскердик бөлүккө кол салуу болуп, атышууда 6 адам каза тапкан эле.
Соңку тарыхты карасак, Кыргыз жеринде тополоң чыккан маалда Казакстан чек арасын дароо жаап салат же көзөмөлдү күчөтөт. Мамлекеттик чек ара кызматынын билдириши боюнча, коңшу өлкөдөгү бүгүнкү атышууга байланыштуу кыргыз тарап да кошумча күч тартып, мамлекеттик чек араны күчөтүлгөн режимде көзөмөлдөөгө өттү. Мындан тышкары ИИМ менен УКМК да күчөтүлгөн режимде иштей баштады. Алматы Кыргыз өлкөсү менен чектеш жайгашкан аймак, андыктан тополоңдун эпкини Кыргыз жерине өтүп кетпесин деген кооптонуу күчтүү.
2016-жылдын 1-июлуна карата расмий түрдө 18,2 миң бош жумуш орду бар экени аныкталды. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргыз жеринде 1 жумуш ордуна 14 адам туура келет. Ал эми жыл башынан бери 15 800 адам ишке орноштурулган. Өлкө жарандарынын өзүнө иш табылбай жатканда Кыргыз жеринде мыйзамсыз жашап, иштеп жүргөн чет элдик мигранттар бар. Кыргыз Республикасынын Миграция боюнча мамлекеттик кызматы жакында улуттук эмгек рыногун көзөмөлсүз чет элдик мигранттардын агымынан коргоо жолун сунуштады. Тагыраагы, бир ишканада иштеген чет элдиктердин санын жалпы жумушчулардын 10-20 пайызынан ашырбоо жана мигранттардын санын бир нече категорияларга бөлүү боюнча мыйзам долбоору даярдалды. Ага ылайык, жумуш берүүчү тарабынан белгилүү мөөнөткө, бирок 1 жылдан ашык эмес убакытка иштөөгө тартылган чет элдик адистердин саны мекемеде иштеген жалпы жумушчулардын санынын 20 пайызынан ашпашы керек. Квалификация талап кылынбаган жумушта иштөө үчүн тартылган чет элдик жумушчулардын саны ишканадагы бардык жумушчулардын санынын 10 пайызынан ашпоого тийиш деген норма каралууда.
Демилге азырынча парламентке жете элек. Сунушталган мыйзам кабыл алынып калса, өлкөгө жогорку квалификациялуу адистердин келүүсүнө шарт түзүлүп, кара жумушка келип жаткан чет элдиктер чектелмекчи. Жумушсуздуктун айынан учурда 1 миллиондой кыргыз жараны башка өлкөлөрдө иштеп жүрөт. Алардын бир бөлүгү Кыргыз жерине кайтып келүүгө шашылбайт, тескерисинче, сырттагы кыргыз мигранттарына ыңгай-шарттарды түзүп берүүнү өкмөттөн суранып келишет. Өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарды чектөө жумуш издеп сыртка агылган кыргыздардын санын азайтышы мүмкүн.