18-июль күнү саат 15:00 чамасында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жийделик айылында жана Көтөрмө айыл аймагынын Кызыл-Булак-Тамаша унаа жолунда мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөн.
Натыйжада Көтөрмө айыл аймагынын Кызыл-Булак айылындагы 2,2 чакырым ички чарбалык жол жана Кызыл-Булак-Тамаша ички чарбалык жолунун 150 метр аралыгын сел жууп кеткен. Жийделик айылынан өтүүчү Ош-Айдаркен унаа жолунун 126-127-чакырымдарындагы 2 жери жана жаңыдан көпүрө куруу үчүн казылган котлован селден кум-шагылга толгон, 60-70 метр аралыкта ички чарбалык жолдун четин сел суулары бузуп кеткен жана 1 турак үйдүн короо-сарайына сел суулары кирген. ӨКМнын тиешелүү техникалары тартылып, селдин кесепеттерин жоюуда. Ал эми Ош-Айдаркен унаа жолунун 126-127-чакырымын тазалоо иштери жүрүп, кечээ саат 17:47 чамасында жол каттамы толугу менен ачылды.
Ички чарбалык жолдорду калыбына келтирүү иштери бүгүн кайрадан улантылып жатканын ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.