Чет жакта иштеп жүргөн мекендештин кимиси болбосун туулган жерде иштегенге эки көзү төрт. Иш жана татыктуу маяна болсо, ар бири кайтууга даяр. Маектешим Руслан Токтобаев бакыт издеп кезинде Орусияга бир эмес, эки-үч сапар барып иштеп келген. Акыркы жылдары ал жактагы айлык Кыргыз Республикасында тапкан акчага барабар болуп калгандыктан мекенде эле иштеген оң деп баса берген.
Өз жериңде иштегенге не жетсин…
Учурда туулуп-өскөн Балыкчы шаарындагы таш төшөлгө чыгаруучу цехте эмгектенип жаткан кези. Негизги иши куюлган таш төшөлгөнү калыптан бошотуп, күнгө тизмей. Резинка калыпка жабышкан таш төшөлгөнү шакылдатып сууруп жаткан анын карылуу колдору кара жумушка жедеп бышып бүткөн. Ата-энеси ажырашып кеткенин, бардык түйшүк моюнунда экенин айткан Руслан мырза: "Үч жылдан бери ушул цехтемин. Ортодон тигинтип Красноярск, Новосибирск, Иркутск шаарларында курулушта иштеп, акчасы жарытпаганынан мекенде эле иштөөнү чечтим. Өзүм үй-бүлөлүүмүн, эки балам бар. Апам жана мектепте окуган үч карындашым Балыкчыда, аларга мен каралашам. Айлыгыбыз ырас эле, бирок чогулта албайсың. Ошентсе да өз жериңде жумуш болуп, минтип иштеп турганга эмне жетсин", - дейт.
Цехте Руслан менен бирге дагы үч жумушчу иштейт. Алар күнүнө 50-60 чарчы метр таш төшөлгө чыгарышып, ар бир чарчы метр үчүн 40 сомдон акы алышат. Ишкана ээси Тынчтыкбек Шералиев да туруктуу иш жоктугунан бизнеске ыктаган. Союз маалында совхоздо, кийин "Ысык-Көл пароходчулугунун" кампасында 2000-жылга чейин эмгектенет. Андан кийин иш болбой 2013-жылга чейин бош жүрүп, акыры цех ачкан. Бул багытта билими же тажрыйбасы болбогондуктан башында кыйналганын айтат. "Анча-мынча топтогон акчам бар эле. Жабдууларды, чийки затты (сырьё) алууга ал жетпей досумдан 300 миң сомдой карыз алдым. Мурда-кийин бул ишке аралашып көрбөгөндүктөн, таш төшөлгөлөрдү окшоштура албай кыйналдым. Улам ар кимдикине "разведкага" барып, бир-эки айда сапатты жакшыртууга жетишип, акыры ишим жүрүшүп кетти. Барган сайын чыгарган өндүрүмгө суроо-талап көбөйдү. Ошондо көлөмдү көбөйтүүгө дагы кошумча калыптарды сатып алууга каражат зарыл болуп, түз эле "Балыкчы Финанс" насыя агенттигине кайрылдым. Анткени башка банктардын үстөгү өтө жогору, иштегенге мүмкүн эмес", - дейт ал.
Ошентип, былтыр августта үстөгү 12 пайыздан, эки жылга 200 миң сом алып калыптарды, таш төшөлгө кургатууда пайдаланылуучу такталарды толуктап, ашканын цементке жумшаган. Ишкердин айтымында, адамдын эң башкы органы жүрөк болсо, бул иште негизгиси – калып. Ал жетишсиз кезде күнүнө 15 чарчы метр таш төшөлгө чыгарылса, азыр 50-60 чарчы метрге чейин жеткен. Учурда цехте таш төшөлгөнүн түрлөрү, бордюр, арыкчалар жасалып, Балыкчыда гана эмес, Каракол, бул жагы Бишкек, Нарындан бери кардар тапкан.
"Жаштар аракет кылышы керек"
Ал эми Баатыр Чыбылдиев жаштар чет жакка кетпей, аракет кылып өз жерибизде эле иш жүргүзсө дейт. Бул үчүн чоң каражаттын деле кереги жок. Эң негизгиси - адам өзүнө өзү ишенип, алдына койгон максатына жетүүгө аракет кылуусу кажет. Өзү мектепти аяктагандан бери жалаң соода менен алектенип жүрүп, үч жыл мурда унаа майларын алмаштыруучу жай ачкан. "Алма, быш, оозума түш" деп жүрө бербей, издениш керек деген 33 жаштагы ишкер: "Бул жерге агам унаа тетиктерин сатуучу дүкөн салып, бир бөлүгүн унаа оңдоочу жайга ылайыктаган. Ошондо элге мотор майларын алмаштыруу кызматын көрсөтүү идеясы келди, себеби базарда кийим-кечекти сезонго карап сатасың. Бул иште сезон жок, унаалар да көбөйүүдө", - дейт.
Базардагы соода жарытпагандыктан жаңы ишке каражат издеген Баатыр мырза да жогорудагы каржы агенттигине кайрылып, жылдык үстөгү 12 пайыздан 25 миң сом өлчөмүндө насыя алат. Ага жетишинче мотор майларын алып келип сата баштаган. Ити чөп жеген ишкер насыядан өз убагында кутулат. Кийинкисинде текчелерин товарга толтуруу үчүн 250 миң сом, үчүнчү жолкусунда 300 миң сом алган. Алгач мотор майларын жана муздаткыч суюктуктарды гана сатса, учурда унаа тазалоочу, майлоочу каражаттын бардык түрлөрү, бамперлер, глушителдер да бар. Муну менен чектелбей эми унаа тетиктерин да алып келүүнү ойлоп, 500 миң сом насыя алууну пландаган ишкер: "Арзан насыянын көмөгү менен турмушубуз оңолуп, бутка туруп келатабыз. Эл катары мына минтип унаабызды жаңыртып, үйүбүздүн ичи-сыртын оңдоп алдык".
Ушул эле арзан насыядан Аскербек Искаков 400 миң сом алып, спорттук комплекстеги муз аянтчанын курулушун аягына чыгаруу үчүн жумшаган. Ал буга чейин башка банктардан жылдык үстөгү 27-28 пайыз менен карыз алгандыктан арзан насыя тууралуу угуп, бирок ынанган эмес. Акча колуна тийгенде гана ишенгенин айткан ишкер эл керегине жарап жаткан каржы мекемесин түзгөн "Кумтөргө" ыраазычылыгын билдирди.
"Балыкчы шаары географиялык жактан айыл чарбасына ылайык келбегендиктен, жергиликтүү калк соода-сатык, кызмат көрсөтүү менен оокат кылат. Ошондуктан насыяны шаар тургундарынын 70 пайызы соода жүргүзүүгө алышууда. Ал эми акыркы жылдары жумуш орундарын түзүү максатында өндүрүшкө насыя берүүгө басым жасап жатабыз", - дейт каржы агенттигинин адиси Тилек Темирбеков. "Кумтөрдүн" каржылык колдоосу менен уюштурулган мындай насыя агенттиктери Балыкчыдан сырткары Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда дагы иш алып барууда.
Айтемир Аскеров