Мамлекеттик кадр кызматы Жогорку Кеңештин депутаттарынын 2015-жылдагы киреше жана чыгашаларын жарыялады. SUPER.KG Жогорку Кеңештеги фракция лидерлеринин кимиси канча киреше таап, кимиси канча чыгаша кылганын тизмектеп чыкты.
"Кыргызстан" фракциясынын лидери Канатбек Исаев 2015-жылы 5 миллион 311 423 сом киреше тапса, 3 миллион сом чыгаша кылган. Жалпы аянты 250 чарчы метрге жеткен үйү жана 4,5 гектар айыл чарба багытындагы жери бар. Ошондой эле 2 Тойота жана 1 Хонда үлгүсүндөгү унаага ээ. Ал эми жакындары 427 719 сом иштеп табышса, 1,5 миллион сом коротушкан. Аянты 2 гектарга жеткен кашарга, 800 чарчы метрлик жер үлүшүнө, 500 чарчы метрге жеткен үйгө жана 1 Лексус үлгүсүндөгү унаага ээлик кылышат.
КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков 2015-жылы 889 685 сом 93 тыйын тапкан. Чыгашасын көрсөткөн эмес. Ал эми 6 батирге (69,5-68,2-156-35-214-181 чарчы метр), 22 чарчы метрден турган 4 унаа токтотуучу жайга, 418 чарчы метрди түзгөн имаратка жана 2000 чарчы метр жер үлүшүнө ээ. Ошондой эле эки ишкананын бирине 80 пайыз, бирине 45 пайыз ээ болсо, үч ишканада акциялары (биринде 92, биринде 81, биринде 16 пайыз) бар.
Жакындары 1 жылда 90 миллион 902 737 сом табышкан. Ал эми 5 батири (97,5-33-238-316-200 чарчы метр), 4 жерде жер үлүшү (1995-2621-1307, 1307 чарчы метр), эки имараты (432, 83 чарчы метр), 4 жер үйү (360-81-374-109 чарчы метр) жана курулуп бүтө элек 338 чарчы метрлик имараты бар. Андан сырткары 2013-жылы чыккан Лексус 570 жана 2006-жылы чыккан Мерседес үлгүсүндөгү унаага ээ.
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өзү 737 887 сом 9 тыйын, жакындары 21 миллион 657 603 сом иштеп тапкан. Өзүнүн жана жакындарынын чыгашасын көрсөткөн эмес. Өзүнүн 180 жана 179 чарчы метр үйү бар.
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 1 жылда 1 066 416 сом 56 тыйын иштеп тапканын көрсөткөн. Жакындары 3 миллион 477 848 сом табышкан. Чакан ГЭС салууга ылайык 0,05 гектар жери, 76,08 жана 0,10 гектар жерди ээлеген кафеси, 121,9 жана 64,1 чарчы метрде батири, жалпы аянты 1157,8 чарчы метрди түзгөн имарат, 0,15 жана 6 сотук жер үлүшү, ошондой эле 16,9 чарчы метрде унаа токтотуучу жайы бар. 2005-жылы чыгарылган Тойота РАВ4 үлгүсүндөгү унаага ээлик кылышат.
"Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов 889 599 сом 49 тыйын тапканын жана 15 сотук жерге ээлик кыларын көрсөткөн. Жакындары 217,6 чарчы метр батирге, 1321 чарчы метр жерге жана 924,3 чарчы метр жерге ээ.
"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов өзү иштеп, 10 миллион 902 793 сом киреше киргизсе, жакындары 73 миллион 756 202 сом киреше алышкан. Бабановдун 324 чарчы метр үйү бар болсо, жакындары 91,7 чарчы метр батирге, 2012-жылы чыккан 2 Тойота Ленд Крузер унааларына ээ.