КҮНСЕРЕП: Эрдоган-Гүлен тиреши Кыргыз мамлекетиндеги түрк лицейлерин жабууга жеткиреби?

Бүгүн, 19-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

80 миллионго жакын калкы бар Түркиянын калкын эки жээкке бөлүп жаткан тиреш Кыргыз мамлекетин да каптап өттү. Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Себахаттин Балжынын Түркиядагы аскердик төңкөрүш жасоо аракетине карата жасаган билдирүүсү түркиячыл маанайдагы кыргыздар арасында кызуу талкуу жаратты. Окуу жайдын жетекчиси Түркиядагы окуяга түрк бийлиги тарабынан айыпталып жаткан дин аалымы Фетхуллах Гүлендин Кыргыз жеринде да жактоочулары бар экенин айтып, кыргыз бийлиги Түркиядагы окуялардан сабак алышы керектигин белгилеген. Интернетте социалдык тармактын колдонуучулары ректордун пикирин талкуулап жатышат. Убагында "Себат" лицейин аяктаган режиссёр Сүйүн Откеев окуу жай башчысынын сөзүн Кыргыз мамлекетин ызы-чууга тартуу аракети деп атады. “Урматтуу Себахаттин мырза! Сиз Кыргыз Республикасынын атын уга элегиңизде түрк туугандар бул жакта мектеп ачып иштеп жатышкан. Түштөн кийин келип алып кыйын болбоңуз! Сизге окшоп мамлекеттин акчасына эмес, жөнөкөй, карапайым түрк элинин жардамы менен боордош кыргыз элине жардам берип келишти. Азыркы кыргыз-түрк достугунун пайдубалын мына ошол сиз көрө албаган, сиз кызганган "Себат" билим берүү мекемелери бекемдешкен. Саясатчы болгуңуз келсе, Түркияңызга барып кыла бериңиз. Сиздин Эрдоган даярдап берген бир-эки жалааңызга өзүңүздүн гана адамдарыңыз ишенбесе, эч ким ишенбейт”, - дейт Откеев.

Белгилей кетсек, президент Режеп Тайип Эрдоган төңкөрүш жасоо аракетине айыптаган диний аалым Фетхуллах Гүлен негиздеген Эл аралык "Себат" лицейлер тармагы Кыргыз жеринде да ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ректордун билдирүүсүнөн кийин Кыргыз жериндеги Эрдогандын тарапташтары менен гүленчилер эки жаатка бөлүнүп, кайым айтыш уланууда. 2015-жылы Тажикстан менен Азербайжандын бийлиги Гүлен тарабынан ачылып иштеп жаткан окуу жайларга талаптарды күчөткөндө айрым серепчилер муну “Эрдоган менен Гүлендин” тиреши деп баалаган. Тажикстан түркиялык “Шолала” лицейин акысыз билим берүүгө өткөрүүнү талап кылса, Азербайжанда Гүлен ачкан мектептер жабылган. Бул толкун Кыргыз жерине да жетип, парламент жыйынында депутат Жылдыз Жолдошова “Себат” лицейлерин жабууну сунуштаган. Мындай сунуш түрк лицейинин биринен окуучулар уулангандан кийин айтылган эле. Балдары түрк лицейинде окуган ата-энелер маалымат жыйын өткөрүшүп, лицейди жабууга жол бербөө зарылдыгын айтып чыгышкан. “Себат” лицейлер тармагы бүгүнкү күндө өлкөдө өз ишин улантып жатат... Бишкекте Гүленге караштуу Эл аралык "Ататүрк-Ала-Тоо" университети да иштейт.

Ал эми “Манас” университети кыргыз-түрк өкмөттөрү аралык келишимдин негизинде иштейт. 2014-жылы окуу жайдын ишмердүүлүгү тууралуу келишим жаңыртылган. Кыргыз-түрк окуу жайлары, лицейлери билим берүү сапаты жакшы делген мекемелер. Кыргыз бийлиги Эрдоган менен жакшы мамиледе экенин эске алсак, анда Түркиядагы бул баш аламандыктын эпкини "Себатка" тийиши мүмкүн. Кыргыз коомчулугунун ректорду саясатка аралашпоо, экинчи тарапты жек көрүндү кылбоо чакырыгы да ушуга байланыштуу. Эки тарапты тең колдобой, окуу жайлардын ишмердүүлүгүнөн “түрктөштүрүү” саясатын көргөндөр да өлкөдө аз эмес экени талкуулардан улам белгилүү болду. Кыргыз жерине инвесторлордун келиши жакшы. Алар жасаган ишинин пайдасын көрүп, бир күнү кетишет. Кыргыз жеринде кыргыздар өзүбүз калабыз. Андыктан кыргыз коомчулугу түрктөрдүн, орустардын, кытайлардын же АКШнын эмес, кыргыздын саясатын, үгүтүн, идеологиясын жүргүзүшү керек. Башкалардын тирешине жөнү жок баш сала бербей, эки тарап менен тең кызматташып, өз келечегин көздөгөнү оң.

Жайкы жамгыр сел каптоо, мал-жандын өлүмү, адам өлүмү, жолдордун бузулуусу менен коштолуп, өлкөдө ири жоготууларды алып келүүдө. 18-июлдагы 20 мүнөттүк катуу жаандан кийин Балыкчы шаарында жалпы 41 үйдү суу каптап, суу тазалап жатканда эсин жоготуп 1 адам каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел келтирген кесепеттерди атап, аны калыбына келтирүүдө иштеп жаткан техникаларды саноо менен чектелди...

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 15-июлдагы коллегиялык жыйынында министрликтин Жалал-Абад жана Баткен облустук башкармалыктарынын жетекчилерин кызматтан бошотуу чечими кабыл алынган. Быйыл жаздан бери аталган эки облуста көптөгөн табият кырсыктары, алардын айынан оор жоготуулар болду. Өкүнүчтүүсү - көбүнчө табият кырсыктарынын кесепети менен гана күрөш жүрүүдө. Синоптиктер жамгыр качан, кайсы аймактарда жаашын алдын ала эскерткенине карабай кооптуу аймактарда сел каптоого алдын ала чаралар көрүлбөй калууда. Мисалы, Боом капчыгайында Бишкек-Каракол трассасын июль айынын башында сел каптап жол жүрүүчүлөргө ыңгайсыздык жараткан эле. 18-июлда дагы каптады. Бишкекте дарактар кулап адамдарды басып кала баштаганда мэриянын “Жашылдандыруу” ишканасы “ойгонуп”, шаарды куураган дарактардан тазалай баштаган. Селдин кесепетинен быйыл бир нече адамдын өмүрү кыйылды. "Сел капташы мүмкүн", "көчкү жүрүшү ыктымал" деп коркунуч күтүлгөн аймактарда адамдардын каза болуп жатышы министрликке ыраазычылык алып келбеси бышык. Кырсыктардын алдын алуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү зарыл. Кыргыз жеринде сел жаз-жайда дайыма күтүлө турган көрүнүш.

Кыргыз мамлекетинин Сары-Челек, Падыша-Ата жана Беш-Арал коруктары ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди. Үстүбүздөгү жылдын 10-17-июль күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында уюмдун Бүткүл дүйнөлүк мурастар боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 40-сессиясы өтүп, аталган 3 корукту тизмеге кошуу чечими кабыл алынды. Жыйынга кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Элнура Корчуева баштаган делегация катышкан.

Уюмдун тизмесине Кыргыз Республикасынын атынан 2009-жылы Ош шаарындагы Сулайман-Тоо комплекси да киргизилген. Тизмеге кошулгандан кийин комплекске кам көрүү жакшырып, айланасы иреттелип, тоо түбүндөгү мыйзамсыз курулуштар бузула баштаган эле. Андан бери 7 жыл өттү. Тоонун айланасына кайрадан мыйзамсыз курулуштар салынып жатканын, комплекс тарыхый баалуулугун жоготуп, тизмеден чыгып калуу коркунучу бардыгын айтып тынчсыздангандар болууда. Парламенттин 2016-жылдын 19-майдагы жыйынында депутат Салайдин Айдаров комплекстин тегерегиндеги мыйзамсыз курулуштарды токтотпосо, аталган уюм Сулайман-Тоону тизмеден чыгарышы мүмкүн экенин айтып коңгуроо каккан. Уюмдун талабына ылайык, эски маданий баалуулуктардын аймагында эч кандай жаңы курулуштар болбош керек. Депутаттын айткандарынын чын-төгүнүн териштирүү керек. Болбосо бирин тизмеге киргизгени менен, киргизилгени 10 жылга жетпей чыгарыла берсе өлкөнүн утушу кайсы?

Ал эми тизмеге жаңы кошулган 3 корук өзгөчө кайтаруудагы зона болуп саналат. Аларда Кызыл китепке кирген жаныбарлар, дары чөптөрдүн түрлөрү, тарыхый жайлар, жаңгак токойлору бар. Талапка ылайык, эми аларды коргоо, кам көрүү күчөтүлөт. Жакында депутаттар Жанар Акаев менен Эмил Токтошев Кыргыз жеринде аңчылык кылууга 2030-жылга чейин биротоло тыюу салууну демилгелеп, ал эми өкмөттүн Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги “мыйзамсыз аңчылыкты баары бир жогото албайбыз” деп сунушталган мыйзам долбооруна каршы чыкты. Депутаттардын сунушу табият баалуулуктарын, тарыхый жайларды сактоо аракетине үндөшөт. Анын үстүнө бүгүн коруктарда эле эмес, жалпы өлкөдө сейрек кездешүүчү жандыктарды сактоо башкы көйгөйгө айланды.

Бүгүнкү күндө Падыша-Ата, Сары-Челек коруктары кирешелүү бизнес, акча табуунун булагына айланганы талашсыз. Сары-Челектин айланасы баш аламан эс алуу жайларына айланып, коруктун аймагы тебелендиде калды. Эс алуучулар аймакты каалагандай аралап, таштандыга толтурууда. Коруктагы жапайы жандыктарды үркүтүүдө. Ал эми Падыша-Атанын карагайлары кыйылып көмүскө сатылып жатканы айтылып жүрөт. Беш-Аралга баруучу жолдун абалы начар, Чаткалдан ары да кыйынчылык менен жетүүгө туура келет. Ушундан улам бул корук сакталып турса керек. Болбосо эмдигиче бул корукту да бизнеске айлантууга "өзгөчө кайтарууда" деген статус тоскоолдук кыла албай калмак...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан