Алай районунун айрым аймактарында сел жүрүп, айдоо аянттарын суу каптады. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Сопу-Коргон жана Терек айылдарында катуу жааган жамгырдан улам бүгүн сел жүрдү. Сел суулары турак жайларды жана айдоо аянттарын каптады. Дарыялар нугунан чыкты. Айрым жарандардын айдоо аянттары зыянга учураганы айтылууда", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.