Ат-Башыда "Кыргыз шырдагы" фестивалы өтүүдө

Бүгүн, 20-июлда Нарын облусунда "Кыргыз шырдагы" фестивалы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, фестиваль "Кошой" стадионунда өткөрүлмөкчү. Фестивалдын конокторунун назарына чебер айымдардын колунан жаралган шырдактар сынга коюлуп, мыктысы тандалат.
"Кыргыз шырдагы" фестивалы 6 жылдан бери Нарын жергесинде өтүүдө. Фестивалдын алкагында конокторго оюн-зоок программасы, шырдак жасоо боюнча мастер-класс, "Мыкты шырдак", "Мурас шырдак" эски шырдактардын кароо-сынагы, "Жаңыл апа" наамындагы "Жаш уздарды тандоо" сынагы, көл өнөрчүлөрдүн жарманкеси, улуттук тамак-аштардын жарманкеси, "Улуттук каада-салттар" маданий программасы, кийимдер коллекциясынын көргөзмөсү көрсөтүлмөкчү", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2012-жылы декабрь айында шырдак жана ала кийиз кыргыздын жоголуп бара жаткан маданий мурасы катары ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан