Миллиардер Дональд Трамп президенттикке талапкер болду

Миллиардер Дональд Трамп Огайо штатындагы Республикачылдар партиясынын жалпы жыйынында эң көп добуш алып, президенттикке талапкер болду. Бул тууралуу "Reuters" басылмасы бүгүн, 20-июлда кабарлады.

Дональд Трамп өзүнүн партиялаш 16 атаандашын артта калтырды. Республикачылдардын айрымдары анын талапкерлигине каршы чыгышканы менен, алардын аракети ийгиликтүү болгон жок. Миллиардердин миграция тууралуу позициясы жана мусулмандарга болгон мамилесине кээ бир америкалык тургундар терс көз карашта. Дональд Трамптын ою боюнча, Америка Кошмо Штаттарына Мексикадан эң жаман мигранттар келишет. "Алардын көбү өзү менен кошо баңгизат, кылмыш ала келишет. Алар зордукчулар", - деген өз сөзүндө Трамп. Анын айтымында, Латын Америкасынан жана Жакынкы Чыгыштан да көйгөйлүү мигранттар келишет.

АКШда президентти шайлоо 8-ноябрда болот. Азырынча Трамптын эң күчтүү атаандашы - "Демократия" партиясынан болгон талапкер Хиллари Клинтон. Учурдагы президент Барак Обама 3-мөөнөткө талапкерлигин коё албайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан