21-23-июль аралыгында өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, 22-июлда жана 23-июлда түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.
Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.