Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев 2015-жылы өкмөттү жетектеп турганда 1 миллион 585 195 сом иштеп тапкан. Бул тууралуу анын өткөн жылга карата берген декларациясында көрсөтүлгөн. Ал эми жалпы аянты 264 чарчы метрге жеткен 1 үйү бар экен. Анын жакын туугандары 252 915 сом иштеп табышса, 110,8 чарчы метрлик үйгө жана 103 чарчы метрлик шаар сыртындагы жайкы үйгө ээ.
Азыркы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 1 жылда 476 920 сом киреше тапкан. Жеке өзү 160 чарчы метрлик үйгө, 60 чарчы метрлик шаар сыртындагы жайкы үйгө, 120 чарчы метрлик сарайга, короо-жайы бар 1 үйгө (аянтын көрсөткөн эмес), 3 жер үлүшүнө (8 сотук жана 1,05 - 1,54 гектар), айыл чарба багытындагы (21,5 - 18,73 - 6,72 гектар) жерге, көп жылдык өсүмдүктөр тигилген (17 - 40 гектар) жерге, 1 соода павильонуна жана 1 тракторго ээ.
Анын жакындары 1 жылда 3 миллион 600 миң сом киреше табышкан. Ал эми алардын 64 чарчы метрлик 1 батири, айыл чарба багытындагы 10 гектар жери, 16,60 гектар жайыт жери жана 1 Лексус унаасы бар.