Түркияда "төңкөрүш жасоого аракеттенген" деп айыпталып жаткан Фетхуллах Гүлен өзүн АКШдан Түркияга өткөрүп бербөөнү суранды. Бул тууралуу Орусиянын маалымат булактары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Түркиядагы куралдуу кагылышта 265 адам каза болуп, 1,5 миңге жакын адам жаракат алган. Куралдуу кагылышты уюштурууга катыштыгы бар деп 9 миңден ашуун адам кармалган. Кармалгандардын арасында президент Эрдогандын эки кеңешчиси да бар. Учурда Түркиянын парламентинде өлүм жазасын киргизүү боюнча кенен талкуу болууда.
Маалымат үчүн:
Фетхуллах Гүлен - "Хизмет" руханий кыймылынын лидери, мурунку имам, исламий коомдук ишмер. Анын Түркияда жана ислам дүйнөсүндө таасири чоң. 2013-жылы Гүлен "Time" журналынын версиясы боюнча дүйнөнүн таасирдүү адамдарынын 100дүгүнө кирсе, "Foreign Policy" журналы боюнча 500дүккө кирген, ошондой эле мусулмандар арасындагы таасирдүү адамдардын тизмесинен 11-орунду алган.
Гүлен 1999-жылы АКШга дарыланууга кетип, саясий кысымдардан улам ошол боюнча Түркияга кайтып келе алган эмес.