Мектеп окуучулары үчүн аскердик-спорт лагери ачылды

Аскердик-спорт лагери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын Окутуу борборунун базасында ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 20-июлда кабарлады.

Биринчи окуучулардын тобун кабыл алууну өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү каржылайт. Негизинен тамактануу, экскурсияларды өткөрүү, аскердик оюндарды уюштуруусу каржыланат. Биринчи 30 мектеп окуучусун МЧКнын башкармалыгында чек арачылар 18-июлда тосуп алышкан. Эми он күн аралыгында окуучулар үчүн патриоттуулукту жана мекенге болгон сүйүүнү арттыруу максатындагы
иш-чаралар уюштурулат. Бул иш-чаранын алкагында окуучулар Каракол коругуна, Пржевальскийдин музейине жана “Каркыра” чек ара бөлүгүнө барышат.

“Балдардын аскердик-спорт лагеринде эс алуусу Ата Мекенди коргоочулардын иши менен жакындан таанышууга шарт түзүп, ок атуу, көлдө сүзүү, спорттук оюндар жаштарды шыктандырып, күч-кубат берет”, - деди Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусунун башкармалыгынын башчысы, полковник Р.Закиров.

Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын аскерлери мындан ары дагы аскердик жана патриоттук тарбия берүүдө билим берүү мекемелери менен кызматташа тургандыгын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Gyiwak
2016-07-20 12:03:01
Жакшы экен...
0
Malik92
2016-07-20 16:38:55
Ушундай окутуулар коп болсун.
0
Jonathan88
2016-07-20 19:00:01
Бул күндүн экинчи жакшы жанылыгы,баракелде мамлекет бираз болсода кам көрүп атыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан